AVN







УСУЛДУК СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ

УСУЛДУК СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ
 Feb 13, 2019  665

ЖАМУнун Кыргыз тили кафедрасы тарабынан аккредитациянын талаптары боюнча окуу усулдук комплекс иштеп чыгуу жана студенттердин өз алдынча иштерин АВН системасы боюнча баалоо үчүн коюлган талаптар боюнча усулдук семинарлар өткөрүлдү.

Анда семинар-тренингдерден алган билим, тажрыйбалары боюнча окуу усулдук комплекс түзүүнүн тартиби, аны баалоону уюштуруу, студенттерде калыптандырылуучу компетенциялар жөнүндө талкуу жүрдү. Кыргыз тили кафедрасынын улуу окутуучусу Р.Келдибаева, тест түзүүнүн тарыхы жана жаңыча ыкмалары жөнүндө, Кыргыз, дүйнөлүк элдер адабияты жана журналистика кафедрасынын доценти, фил.и.к. А.Кадыровалар ой бөлүшүп, усулдук кеп-кеңештер айтылгандыгын Кыргыз тили кафедрасынын башчысы, доцент Г.Бакирова билдирди.  

  • УСУЛДУК СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ
  • УСУЛДУК СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ
  • УСУЛДУК СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ