AVN







ЖАМУНУН ДОЦЕНТИ ОШМУДА АЧЫК САБАК ӨТТҮ

ЖАМУНУН ДОЦЕНТИ ОШМУДА АЧЫК САБАК ӨТТҮ
 Feb 12, 2019  724

ЖАМУнун Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын башчысы ф.и.к., доцент Г.Т. Токтогулова жогорку окуу жайлар аралык академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында ОшМУнун Юридикалык факультетинин «Социалдык иштер» кафедрасынын профессордук окутуучулук курамы менен тажрыйба алмашууда.

Аталган жогорку окуу жайдын Социалдык иш адистигинин 3-курсунун студенттерине «Социалдык иштин конфликтологиясы» предметинен лекция окуп, «Үй-бүлө конфликтери» деген темада ачык сабак өттү. Студенттер ачык сабакка активдүү катышып сабак суроо жооптор менен коштолду.

Ачык сабакка «Социалдык иштер» кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент Шекер Дыйканова жана ага окутуучу Индира Карабаевалар катышты.

“Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында ар жуманын дүйшөмбү күндөрү Социалдык иш адистигинин студенттерине лекция окуп жатам. Бул менен педагогикалык тажрыйбамды жогорулатууга шарт түзүлүүдө” – дейт Токтогулова.  

  • ЖАМУНУН ДОЦЕНТИ ОШМУДА АЧЫК САБАК ӨТТҮ
  • ЖАМУНУН ДОЦЕНТИ ОШМУДА АЧЫК САБАК ӨТТҮ
  • ЖАМУНУН ДОЦЕНТИ ОШМУДА АЧЫК САБАК ӨТТҮ