AVN







МЕДИЦИНА КОЛЛЕДЖИНДЕ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК БОЮНЧА КЕЛИШИМ ТҮЗҮЛДҮ

МЕДИЦИНА КОЛЛЕДЖИНДЕ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК БОЮНЧА КЕЛИШИМ ТҮЗҮЛДҮ
 Feb 12, 2019  691

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  медициналык колледжи менен Майлуу-Суу медициналык колледжинин ортосунда академиялык мобилдүүлүк боюнча 9-февраль күнү келишим түзүлдү.  Келишимге эки тарап кол коюп, алдыда аткарыла турган иштер жөнүндө пикир алмашылды.

Медициналык колледжинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары ГулнараТемирбаева  студенттер менен окутуучулардын мобилдүүлүгү боюнча иш пландардын аткарылышы жөнүндө пикир алмашуу болду. Мындай кадам келечектеги өмүр сакчыларынын терең билим алуусуна, окутуучулардын тажрыйба алмашуусуна өбөлгө түзүлөөрүн эки тараптын директорлору баса белгилешкенин айтты.

Колледжде студенттер 9-11-класстын базасында кабыл алынат. Учурда беш бөлүмдүн окутуучулары  аларга билим берүүдө, быйылкы окуу жылына карата 1000ге жакын студент билим алса, 80ден ашуун окутуучу эмгектет. Эми каалоочулар Майлуу-Суу медициналык колледжине академиялык мобилдүүлүк боюнча барып, билим алып келсе болот” – деди Темирбаева.