AVN







ОТЧЕТТУУЛУК ИШТИН НАТЫЙЖАСЫН АРТТЫРАТ

ОТЧЕТТУУЛУК ИШТИН НАТЫЙЖАСЫН АРТТЫРАТ
 Feb 8, 2019  684

Быйылкы жылдын 2-февралында Педагогикалык жана маалымат технологиялар факультетинин  Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасы тарабынан бүтүрүүчү курстардын “Кесиптик-профилдик” практикасынын жүрүшү боюнча аралыктагы отчету угулду.

Бул жыйынга П-1-15 тайпасынын бардык студенттери катышышты. Жыйынды кафедра башчысы, профессор С.С.Сакиева ачып, учурда болуп жаткан практиканын жүрүшү андагы айрым актуалдуу маселелерге токтолду. Жарыш сөзгө чыгышкан кафедранын айрым мүчөлөрү: К. Ураимов,               К. Ибраимов, Н.Мокуевалар студенттердин кыйналып жаткан методикалык көйгөйлөрүнө өз сунуштарын, көрсөтмөлөрүн берип кетишти.

Кафедранын практика боюнча жетекчиси А.Төрөбекова жаңы жобого ылайык практика боюнча даярдалуучу документтердеги айрым өзгөрүүлөр боюнча түшүнүк берди. Студенттер балдар менен жекече иштөө, ата-энелер менен иштөө, класстан тышкаркы иштерди уюштуруу, проблемалуу балдар менен иштөө сыяктуу маселелерде кыйынчылыктарды четтетүү боюнча ойлорун ортого ташташты жана ал ойлорго тиешелүү кеңештерин, методикалык көрсөтмөлөрүн алышты. Мындай практиканын жүрүшүндөгү отчеттуулук иштин натыйжасын гана арттырат дешет катышуучулар.

  • ОТЧЕТТУУЛУК ИШТИН НАТЫЙЖАСЫН АРТТЫРАТ
  • ОТЧЕТТУУЛУК ИШТИН НАТЫЙЖАСЫН АРТТЫРАТ
  • ОТЧЕТТУУЛУК ИШТИН НАТЫЙЖАСЫН АРТТЫРАТ
  • ОТЧЕТТУУЛУК ИШТИН НАТЫЙЖАСЫН АРТТЫРАТ