AVN







БИЗ СЫЙМЫКТАНГАН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР

БИЗ СЫЙМЫКТАНГАН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР
 Feb 8, 2019  742

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин  3 бүтүрүүчүсү  университет тарабынан уюшулган I форумдун ардактуу коногу болушту. Мындай маалыматты колледждин директору Алтынай Эгембердиева кабарлады.

“Жалал-Абад мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү -  коомдогу компетенттүү адиси” аталышындагы  I  форум  4-февраль күнү уюшулуп, ага медицина колледжинин “Дарылоо иши” адистигинин бүтүрүүчүсү  Ырысбек уулу Эрнис катышты. Ал Жалал- Абад шаарындагы ЕВРО диализ медициналык клиникада  эмгектенет. Фармация адистигинин бүтүрүүчүлөрү Термечиков Иса "ОсОО Неман фарм" ишканасында,  Темиркулова Самара "ОсОО аптека 1 "ишканасында эмгектенип элге кызмат кылууда. Булардан сырткары да бир катар бүтүрүүчүлөр өлкөнүн аймактарында элге ак эмгектерин арнап келишүүдө. Турмушта өз ордун таап, кесипкөй адис катары элге эмгегин арнап жаткан бүтүрүүчүлөрүбүз  биздин сыймык – деген ойду колледждин директору А. Эгембердиева алар менен болгон жолугушууда баса белгиледи.

Учурда аталган колледжде 1000ге жакын студент билим алса, 80ден ашуун окутуучу аларга билим берүү менен катар тарбиялап, келечекке кадрларды даярдоодо.

Ал эми жогорудагы аты аталган бүтүрүүчүлөр өз кезегинде туура окуу жайды тандап, татыктуу билимге ээ болгондуктарын айтып, жалпы жамаатка ыраазычылык билдирүү менен окуу жайдын келечеги кең, даанышман инсандар эмгектенген, мыкты кадр даярдаган билим уя экенин айтышты.

  • БИЗ СЫЙМЫКТАНГАН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР
  • БИЗ СЫЙМЫКТАНГАН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР
  • БИЗ СЫЙМЫКТАНГАН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР
  • БИЗ СЫЙМЫКТАНГАН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР
  • БИЗ СЫЙМЫКТАНГАН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР