AVN







ӨРҮШ АЛГАН ӨНӨКТӨШТҮК

ӨРҮШ АЛГАН ӨНӨКТӨШТҮК
 Feb 8, 2019  953

Тарых кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынын илим жаатындагы жана   Кыргызстандын тарыхын жана маданий мурастарын изилдөөдөгү жана аны даңазалоодогу иштиктүү аракеттери   Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” Фондунун төрагасы К. Модокасымовдун,  “Кыргыз Тарых коому” Эл аралык коомдук бирикмесинин төрагасы          Т. Чороевдин атынан  ыраазычылык катына татыктуу болду.

Тарых кафедрасынын  окутуучулар жана студенттер жамааты  аталган уюмдардын иш-планында бекитилген иш чараларга активдүү катышып келишүүдө. Алардын катарына Борбордук Азиядагы Улуу Кыргыз каганатынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган  II эл аралык эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын (2013),   “Кыргыз жана Карахандар каганаттары  көөнөрбөс издер” III эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын (2014),, “Дастанда калган өмүр” кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын чыгармачыл мурасына, Т. Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган“Тоо булбулу Токтогул” (2014),  2005-жылдын 24- мартындагы  жана 2010-жылдын 7- апрелиндеги окуяларга арналган “ Доор жаңырткан ынкылаптар”( 2015),“Искак Асан уулу Полотхан.  Азаттык жана мамлекеттүүлүк” (2015), “Борбордук Азияны дүңгүрөткөн улуттук боштондук көтөрүлүшкө 100 жыл”(2016)  аттуу конференцияларды кошууга болот.  Өткөн жылы   аталган фонд тарабынан  демилгеленген жана өткөрүлгөн илимий иш чараларга кафедра мүчөлөрү катышууга  мүмкүндүк алышты. Алсак, Өзбекистан Республикасынын “Мерос” коомдук фонду  менен Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” Фонду биргелешип уюштурган“Кокон хандыгынын  белгилүүү мамлекеттик ишмери жана аскер башчысы Алымкул Амир- Лашкербашынын (1831-18650 ж.ж..)өмүрү жана ишимердүүлүгү” деп аталган эл аралык конференцияга Тарых кафедрасынын окумуштуулары Э.Авазов, Г. Анарбаева,  К. Халматов жана В.Анарбековалар  илимий баяндамалары менен катышып, Анжиян мамлекеттик университети менен жакындан танышышты.2018-жылдын 18-майында Ош мамлекеттик университеттин базасында Анжыян көтөрүлүшүнүн 120 жылдыгына арналган “Анжыян көтөрүлүшү: Орус отор саясатына каршы азаттык кыймылдардын башталышы жана анын проблемалары” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйындын пленардык отурумунун алкагында доцент Авазов Эрнис Абдыманаповичтин “Анжиян көтөрүлүшү: Фергана өрөөнүндөгү азаттык күрөштөрүнүн тарыхынан.(Ош, 2016, 156 б.)” аттуу монографиясынын бет ачары өткөрүлдү.  Тарыхчылар 19-майда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин базасында өткөн  Кыргыз элинин орус отор саясатына каршы азаттык күрөштөрүнүн баатыры Мамыр Мерген уулунун (1838-1879) 180 жылдыгына арналган эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйынгаактивдүү катышышты. Эске салсак аталган уюмдар менен  биргеликте   “Тарыхчылардын Жалал-Абад форуму” (2012) ири масштабда Тарых кафедрасынын  базасында өткөрүлгөндүгү маалым.

 Учур талабына ылайык Тарых кафедрасы  мобилдүүлүк программасынын алкагында да  алгылыктуу иштерди  баштоодо. Эки жыл башта Т-1-15 тайпасынын эки студенти А. Имаилова менен А. Токтосунова Казакстандын Л.Гумилев атындагы  Евразия  улуттук университетинде окуп келишсе, өткөн  жылы Ош гуманитардык педагогикалык институнун  студенти  Эркебай кызы КылымбүТ-1-17 тайпасында билим алды. Кафедранын окумуштуулары жана студенттери  аталган окуу жайда уюштурулган конференцияларга, тегерек столдорго катышып келишет. Бул саамалык  колдоого алынып, ЖАМУ менен тарыхый байланышы бар окуу жайдын ректору профессор Б. Зулуев тарабынан Тарых кафедрасынын дарегине  ыраазычылык билдирилди.

  • ӨРҮШ АЛГАН ӨНӨКТӨШТҮК
  • ӨРҮШ АЛГАН ӨНӨКТӨШТҮК
  • ӨРҮШ АЛГАН ӨНӨКТӨШТҮК
  • ӨРҮШ АЛГАН ӨНӨКТӨШТҮК
  • ӨРҮШ АЛГАН ӨНӨКТӨШТҮК
  • ӨРҮШ АЛГАН ӨНӨКТӨШТҮК