AVN







АТА-ЭНЕЛЕРДЕН АНКЕТА АЛЫНУУДА

АТА-ЭНЕЛЕРДЕН АНКЕТА АЛЫНУУДА
 Feb 8, 2019  999

Үстүбүздөгү жылдын  7-февралында Жалал-Абад колледжинин «Укук таануу жана социалдык иш» бөлүмүнүн Социалдык иш адистигинин студенттеринин Срк 2-18 жана Срк 2-17 тайпасынын студенттеринин ата-энелери менен чогулуш өткөрүлдү. Чогулушка аталган адистиктин студенттеринин ата-энелери жана Социалдык иш секциясынын окутуучулар курамы, бөлүмдүн администрациясы толугу менен катышышты.

Жыйынга  35 тен ашуун ата-эне катышып, окутуучулар менен пикир алмашуулар болду. Бул тууралуу «Социалдык иш» секциясынын башчысы А.А.Ташматова  кабарлады.

Ата-энелер жыйналышында кышкы сессиянын жыйынтыгы, окуу процесстин жүрүшү жөнүндө, окуу төлөмдөрүн төлөө боюнча, тартип, тазалык маселеси, ата-энелердин комитетин курамын бекитүү жана ар түрдүү маселелер каралды.

«Социалдык иш» секциясынын башчысы Ташматова А.А. жыйналышта каралуучу маселелер боюнча токтолуп, жыйынтыгында ата-энелер курамы колго салынып бекитилди. Ата-энелер комитетинин төрайымы Т.Оторбаева жана анын жардамчысы Осмоналиева Айпери дайындалды.

Жыйынтыгында ата-энелерден анкета алынып, ата-энелер өздөрүнүн ой-пикирлерин бөлүшүп кетишти.

  • АТА-ЭНЕЛЕРДЕН АНКЕТА АЛЫНУУДА
  • АТА-ЭНЕЛЕРДЕН АНКЕТА АЛЫНУУДА
  • АТА-ЭНЕЛЕРДЕН АНКЕТА АЛЫНУУДА