AVN







ХИМИЯ КАФЕДРАСЫНДА АДАПТАЦИЯЛЫК-ПРАКТИКАГА ДАЯРДЫК КӨРҮҮ БОЮНЧА КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

ХИМИЯ КАФЕДРАСЫНДА АДАПТАЦИЯЛЫК-ПРАКТИКАГА  ДАЯРДЫК КӨРҮҮ БОЮНЧА КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ
 Feb 8, 2019  707

Табигый-техникалык факультетинин Химия кафедрасында адаптациялык практикагадаярдык көрүү боюнча конференция болуп өттү. Конференцияга Х-1-17 тайпасынын студенттери, окутуучулар  катышышты.

Кафедра башчысы Н.Б.Арстанбекова адаптациялык практиканын максаты жана милдеттери, адаптациялык-педагогикалык практика мезгилинде аткарылуучу жумуштар, отчетторду даярдоонун үлгүлөрү  жөнүндө кеңири маалымат берди.

       Адаптациялык практика – бул мугалимдик кесиптин сырларын өздөштүрүүгө ташталган биринчи кадам, алгачкы педагогикалык практика.

Практикада көрсөтүлгөн функцияларды аткарууга жана тажрыйба топтоого, анда алган билимин, адаптациялык -педагогикалык тажрыйбаларды кийинки практикасында колдонушат – дейт Н. Арстанбекова.

Студенттер адаптациялык-педагогикалык практикада:

  • Мектеп жана педагогикалык коллективи менен таанышышат;
  • Сабактын календардык-тематикалык планын, конспектисин  түзүүнү,окуу-тарбия иштерин уюштурууну үйрөнүшөт;
  • класстык топко психологиялык-педагогикалык мүнөздөмө беришет;
  • ар кандай формада класстан тышкаркы иштерди (класстык саат, дискуссия, экскурсиялар ж.б.) өткөрүүнү үйрөнүшөт.

Х-1-17 тайпасынын студенттери окуу процессинин графигине ылайык 4-февралдан баштап жумасына бир жолу шаарыбыздын мектептерине адаптациялык практикага чыгууда деп кошумчалады кафедра башчы.

  • ХИМИЯ КАФЕДРАСЫНДА АДАПТАЦИЯЛЫК-ПРАКТИКАГА  ДАЯРДЫК КӨРҮҮ БОЮНЧА КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • ХИМИЯ КАФЕДРАСЫНДА АДАПТАЦИЯЛЫК-ПРАКТИКАГА  ДАЯРДЫК КӨРҮҮ БОЮНЧА КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • ХИМИЯ КАФЕДРАСЫНДА АДАПТАЦИЯЛЫК-ПРАКТИКАГА  ДАЯРДЫК КӨРҮҮ БОЮНЧА КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ