AVN







“Академиялык мобилдүүлүк - эки окуу жайдын кызматташтыгын жакындатат”

“Академиялык мобилдүүлүк -  эки окуу жайдын кызматташтыгын жакындатат”
 Feb 7, 2019  707

Академиялык  мобилдүүлүктүн алкагында  Экономикалык-юридикалык факультетинин «Экономика жана  бухгалтердик эсеп» кафедрасына  караштуу БЭк-1-15 тайпасынын студенткасы Асан кызы Гулнара   ОшМУнун “Бизнес жана менеджмент” факультетинде, кышкы 7-семестрди окуп келди. Ал өз сөзүндө ОшМУнун ишмердүүлүгү,  материалдык-техникалык базасы, окуу процессинин  өзгөчөлүктөрү, университетте жүрүп жаткан ийгиликтери жөнүндө, студенттерге кеңири маалымат берди.

Кафедра башчысы э.и.к., доцент Э.Н.Төлөнов: - Болон процессинин шартында, академиялык мобилдүүлүк эки окуу жайдын профессордук-окутуучулар менен студенттердин кызматташтыгын күчөтөт деп билдирди.  Ошону менен бирге Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “Экономикалык-юридикалык факультети, учурда Түштүк регионунда жана борборубуз Бишкек шаарында жайгашкан жогорку окуу жайлар менен академиялык мобилдүүлүк боюнча, кызматташтыгы  бар экенин айтып, студенттерди  окуп келүүгө үндөдү.

  • “Академиялык мобилдүүлүк -  эки окуу жайдын кызматташтыгын жакындатат”
  • “Академиялык мобилдүүлүк -  эки окуу жайдын кызматташтыгын жакындатат”