AVN







ИЛИМГЕ КАРАЙ ЖОЛ

ИЛИМГЕ КАРАЙ ЖОЛ
 Feb 7, 2019  723

Ушул жылдын  30-январында ЖАМУнун Финансы жана кредит кафедрасынан ага окутуучулар Мамыралиева Айнагул Тураматовна жана Абдырахманова Гульчехра Батырбековна кандидаттык диссертацияларын кафедранын кеңейтилген жыйынында талкууга коюшту. Талкууга факультеттин профессордук-окутуучулук курамы, ОшМУдан э.и.д., профессор Култаев Т.К., К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинен э.и.к., доцент Раимкулов К. жана башкалар катышты.

А. Мамыралиева 2006-жылдан баштап ЖАМУнун Аспирантура бөлүмүндө изденүүчү болуп “Экономико-математическое моделирование основных макроэкономических параметров в условиях рыночной экономики (на примере КР), шифр 08.00.13 “Математические и инстументальные методы” деген тема менен доклад жасады.

А. Мамыралиева  1лекциялык курстун, 1 окуу колдонмонун, 10 окуу-усулдук колдонмонун, 20 илимий макаланын автору. Педагогикалык стажы 29 жыл.

Г. Абдырахманова 2006-жылдан баштап ЖАМУнун Аспирантура бөлүмүндө изденүүчү болуп “Совершенствование управления и развития страхования в условиях рынка в КР” шифр 08.00.05 “Экономика и управление народным хозяйством” аттуу темада доклад жасады.

Г. Абдырахманова 2 лекциялык курстун, 6 окуу-усулдук колдонмонун, 23 илимий макаланын автору. Педагогикалык стажы 17 жыл.

Талкуу аябай кызыктуу болду, диссертанттар менен суроо-жооптор жүргүзүлдү. Жыйынтыгында А. Мамыралиева, Г. Абдырахманованы экономика илимдери окумуштуулук даражаны алууга жана кемчилдиктерди, сунуштарды эске алуу менен Диссертациялык кеңешке диссертациялык эмгектери сунушталды.

  • ИЛИМГЕ КАРАЙ ЖОЛ
  • ИЛИМГЕ КАРАЙ ЖОЛ
  • ИЛИМГЕ КАРАЙ ЖОЛ