AVN

«Дене тарбия» багытынын студенттеринин ата-энелер чогулушу

«Дене тарбия» багытынын студенттеринин ата-энелер чогулушу
 Feb 7, 2019  1002

Ушул жылдын 6-февралында Педагогика жана маалымат технологиялар  факультетинин «Дене тарбия» багытынын ДТ-1-18 жана ДТк-2-18 тайпасынын студенттеринин ата-энелери менен чогулуш өткөрүлдү. Ага 30дан ашуун ата-эне катышып, окутуучулар менен пикир алмашуулар болду. Бул тууралуу  «Дене тарбия жана спорт» кафедрасынын башчысынын  милдетин аткаруучу И.Т.Алиев кабарлады.

Ата-энелер жыйналышында окуу процесстин жүрүшү жөнүндө, окуу төлөмдөрүн (контракт) төлөө боюнча, тартип, тазалык маселеси, ата-энелердин комитетин курамын бекитүү жана ар түрдүү маселелер каралды.

Чогулуштун жүрүшүндө кафедранын доценти А.Ж. Салаев, С.М. Момбаев улук окутуучу Ю.Р. Тиленчиев жана ДТК-1-18 тайпасынын куратору Медербек уулу Жомарт: сөз сүйлөп, факультеттин жана кафедранын иштөө тартиби жөнүндө ошондой эле окуу процесси, спорттук машыгуу, коомдук иштер тууралуу маалымат беришти.

«Дене тарбия жана спорт» кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу И.Т.Алиев жыйналышта каралган маселелер боюнча токтолуп, жыйынтыгында ата-энелер курамы колго салынып бекитилди.

Ата-энелер комитетинин төрайымы А.Т. Исмаилова ал эми тең төрайымы К,Ж. Тасмаева дайындалды. Ошондой эле окуу жайдын техникалык-базасынын чыңдалганын, машыгууга шарттар жетишээрлик деңгээлде түзүлгөнүн баса белгилеп кетишти.

Эске салсак, жогорку эки тайпада жалпы 46 студент билим алса, анын ону бюджеттик негизде, 36сы келишиммдик (контракт) негизде билим алууда. Жыйынга 30дан ашуун ата-эне катышып, окуу жайга болгон өз ой-пикирлерин, сунуштарын билдиришти.

  • «Дене тарбия» багытынын студенттеринин ата-энелер чогулушу