AVN







МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖГЕ ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ ДАЙЫНДАЛДЫ

МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖГЕ ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ ДАЙЫНДАЛДЫ
 Feb 7, 2019  898

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  медициналык колледжине Алтынай Эгембердиева директор болуп дайындалды.

Аталган колледждин мурдагы директору Азизбү Адышева өз каалоосу менен жетекчилик кызматты тапшырып берип, 2019 -жылдын 1-февралында ректордун буйругунун негизинде биология илимдеринин кандидаты, доцент  Эгембердиева Алтынай Дүйшөевна  дайындалды.

А. Эгембериева буга чейин “Биология” кафедрасынын башчысы кызматын аркалап келген.  Ал 1997-жылдан баштап, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде эмгектенет.

Ал эми колледждин буга чейинки  директору А. Адышева мугалим катары калтырылып, жогорудагы колледждин студенттерине билим берүүдө.

Белгилей кетсек, колледжде “Акушердик иш”, “мед айымдык иш”, “Фармация”, “Жалпы билим берүү жана гуманитардык дисциплина” жана "Дарылоо иши” бөлүмдөрү бар, жалпы 1000ге жакын студент билим алса, 80ден ашуун окутуучу эмгектенет.