AVN







АДАПТАЦИЯЛЫК – ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАСЫНА ЖӨНӨТҮҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

АДАПТАЦИЯЛЫК – ПЕДАГОГИКАЛЫК  ПРАКТИКАСЫНА ЖӨНӨТҮҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
 Feb 6, 2019  647

Табигый-техникалык факультетинин География кафедрасынын  1-февралында адаптациялык – педагогикалык  практикасына жөнөтүү алдындагы конференциясы болуп өттү. Ага кафедранын окутуучулар жамааты жана аталган тайпанын студенттери катышкан.

Окуу планын негизинде студенттер практикага жөнөтүлүп, адаптациялык-педагогикалык  практиканын жетекчилери болуп А. Токторалиев  жана Л.Сатканкулова дайындалышкан.

       Алар Жалал-Абад шаарында жайгашкан №9, №5,№4 орто мектептерде жана Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад балдар лицейине практикага бөлүнүштү. Аталган билим берүү мекемелеринде мыкты адистер эмгектенет, андыктан студенттердин теориядан алган билимин практикада колдонуусуна туура багыт беришет – деген оюду аталган кафедранын практика жетекчиси А.Керимбекова айтты.

     Эске салсак, Г-1-17 тайпасында жалпы 11 студент практикага жөнөтүлгөн.

  • АДАПТАЦИЯЛЫК – ПЕДАГОГИКАЛЫК  ПРАКТИКАСЫНА ЖӨНӨТҮҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • АДАПТАЦИЯЛЫК – ПЕДАГОГИКАЛЫК  ПРАКТИКАСЫНА ЖӨНӨТҮҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ