AVN







ОшМУда “Видео лекция жасоонун жөнөкөй жолдору”темасында семинар болуп өттү

ОшМУда “Видео лекция жасоонун жөнөкөй жолдору”темасында семинар болуп өттү
 Feb 5, 2019  735

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин «Химия» кафедрасынын башчысы “Видео лекция жасоонун жөнөкөй жолдору”  аттуу темада семинар-тренингге катышып келди. Ал Ош мамлекеттик университетинин Жаңы технологиялар жана дистанттык билим берүү департаменти тарабынан  уюштурулуп, жалпы 25 окутуучунун катышуусунда  өттү.

Семинар-тренингди ф-м.и.к. Бектур Азимов өткөрүп, катышуучуларга видео-сабактардын түрлөрү, видео лекцияларды кантип жасоо керектиги боюнча кеңири маалыматтарды берди. Семинардын жүрүшүндө ар бир окутуучу компьютерде өз предметтери боюнча атайын программа аркылуу видео сабактарды жасоону үйрөнүшкөнүн айтат семинардын катышуучусу, «Химия» кафедрасынын башчысы Нуржан Арстанбекова.

Семинарга бардыгы болуп 25 окутуучу катышышты. Ведеотасманын жардамы аркылуу  лекция окуу стуленттерге түшүнүктүү жана маалыматты кеңири ала алышат. Андыктан булл ыкманы колдонуп, билим берүүнүн сапатын дагы да жогорулатабыз деген оюн билдирди.

  • ОшМУда “Видео лекция жасоонун жөнөкөй жолдору”темасында семинар болуп өттү
  • ОшМУда “Видео лекция жасоонун жөнөкөй жолдору”темасында семинар болуп өттү