AVN







ЖАМУнун доценти ОшМУда лекция окуду

ЖАМУнун доценти ОшМУда лекция окуду
 Feb 4, 2019  757

Үстүбүздөгү жылдын   4-февралында Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын башчысы ф.и.к., доцент Г.Т. Токтогулова Ош мамлекеттик университетинде «Инсандар аралык ички конфликттер» деген темада лекция окуду.

Жогорку окуу жайлар аралык мобилдүүлүк программасынын алкагында өтүүчү тажрыйба алмашуу жараянын ишке ашыруу максатында Юридикалык факультетинин Социалдык иштер кафедрасынын социалдык иш адистигинин 3-курсунун студенттерине «Социалдык иштин конфликтологиясы» предметинен лекция окуган.

Социалдык иштер адистигинде жалпы 18 студент билим алса,  лекциялык сабакка 12си активдүү катышып сабак суроо жооптор менен коштолду.

ЖАМУнун “Социалдык иш” адистигинин 2 студенти кышкы семестрдан баштап аталган окуу жайда академиялык мобилдүүлүк боюнча билим алууда – дейт кафедра башчы Г. Токтогулова.

  • ЖАМУнун доценти ОшМУда лекция окуду
  • ЖАМУнун доценти ОшМУда лекция окуду