Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Конфуций инстуту ачылды
Dec 26, 2016 1651
Бүгүн Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Конфуций инстуту ачылды. Бул иш-чарага Кытай Эл Республикасынан Синьцзянь университетинин ректору, профессор Ташпулат Таип мырза, СУАР билим берүү департаментинин башчысынын орун басары Дай Йаухун айым баш болгон делегация, Бишкек, Ош шаарларынын Конфуций институттарынын директорлору жана Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынан, Жалал-Абад мэриясынан өкүлдөрү катышышты.
Буга чейин 2010-11-окуу жылында аталган окуу жайда Кытай борбору ачылган болчу. Борбордун ишмердүүлүгү менен 600гө жакын студент кытай тилин үйрөнүшүп, дипломдуу болушту. Анын ичинен 41и кытай тили боюнча Хэнань, Шенянь, Гуанджу, Үрүмчү, Сиан, Харбинде билимин өркүндөтүп келишти. 8 студент магистратурада, аспирантурада билим алууну улантып жатышат.
Бүгүнкү күндө Жалал-Абад областында кытай тилин үйрөтүүчү 5 курс иштеп жатат. Бул курстарда студенттер жалаң гана тил үйрөнүү менен чектелбестен, кытай элинин маданиятын, каада-салттарын, музыкасын, искусствосун, бүтүндөй кытай дүйнөсүн да кошо таанып келишүүдө.
Өз сөзүндө Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор К.Ж.Усенов Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Конфуций институтунун ачылышынын терең мааниси, келечеги бар экенин баса белгиледи. Ошондой эле окуу жайда кытай таануу адистиги боюнча окуу планы иштелип чыгып, КРнын билим берүү жана илим министрлигинен лицензия алгандыгын айтып өттү.
Мындай илимий, билимий байланыштар кытай эли менен кыргыз элинин ортосундагы достук мамилелердин чыңдалышына чоң таасирин тийгизет деп ойлойбуз.