AVN







«ТАРЫХ МУГАЛИМИ ЖАНА УЧУРДАГЫ ТАЛАПТАР»

«ТАРЫХ МУГАЛИМИ ЖАНА  УЧУРДАГЫ ТАЛАПТАР»
 Feb 4, 2019  1069

Быйылкы жылдын 31-январында Тарых кафедрасы тарабанынан «Тарых мугалими; учурдагы талаптар» деген аталыштагы тегерек стол өткөрүлдү. Ага  областыбыздын аймактарынан, анын ичинде Токтогул, Ала-Бука, Аксы, Ноокен райондорунун, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынын жана жакынкы район- шаарлардын мектептеринде иштешкен 31 тарыхчы мугалим, ЖАМУнун тарых адистигинин бүтүрүүчүлөрү жана Т-1-15-тайпасынын студенттери катышты.

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин деканы, доцент    Р. Шамшиев семинар- тренинге  катышкан кафедра мүчөлөрүнө“Билим Стандарт» көз карандысыз аккредитациялык агентигинин директору             Э. А. Эсентаев тарабынан  берилген сертификаттарды тапшырды. Биринчи бөлүктө   доцент К. Халматов  «Тарых профили боюнча практикаларды уюштуруунун айрым маселелери»,  кафедра башчысы  Э,Авазов» Социалдык-экономикалык билим берүү багытынын ЖКББ стандарты жана минималдык талаптар» деген аталышта баяндама жасашып, суроолорго жооп беришти.

Мектеп мугалимдери студент-практиканттарга берилүүчү жардамдарга токтолушуп, айыл жергесиндеги мектептерге  практиканттарды жөнөтүү маселесин белгилешти. Экинчи бөлүктө 2019-жылдын 24- январында өткөрүлгөн тегерек столдун жыйынтыктары боюнча сунуштардын негизинде  доцент Э.Авазов тарабынан даярдалган «Адам жана коом» курсу боюнча колдонмону талкуулоо жүрдү.

Суроо-жооптор уланып, талкуунун катшуучулары аталган  колдонмонун зарылдыгын белгилешти. Талкуунун жүрүшүндө кафедра мүчөлөрү ойлорун ортого салышып, доцент Г. Анарбаева мектеп менен кафедранын усулдук багыттагы кызматташуу маселесине токтолсо, ага окутуучу Ж.Рысбаева ар кандай тарыхый процессти талдоодо  дисциплиналар аралык мүнөзгө ээ болгон «Адам жана коом « курсун окутуунун зарылдыгын, тарыхчынын кесиптик ишмердүүлүгүндөгү  анын ордун баса белгилеп өттү.

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар аталган предметти окутуудагы айрым проблемаларга токтолушту.“Дисциплина  интеграциялык мүнөзгө ээ болгондуктан философия, тарых, саясат таануу, социология жана экономика жаатындагы түшүнүктөр ыраатташтыкта берилди. Албетте түшүнүктөр, суроолор, тест маселелери   муну менен эле чектелбейт, аны чакан китепчеде берүүгө мүмкүн эмес.  Андыктан  колдонмодо негизинен аталган курстун өзөгүн түзүүчү  түшүнүктөр берилди десек болот. Чейрек кылымга жакын убактан бери    тарых жана ага тектеш философия, соцология, саясат таануу, социалдык иштер  жаатындагы айрым тажрыйбаларыбыз  колдонмону түзүүгө теоретикалык база катары, ал эми аны окутуудагы адабияттардын жетишсиздиги ушул колдонмону даярдоого түрткү болду,”-деп билдирди колдонмону түзгөн  доцент Э. Авазов.

  • «ТАРЫХ МУГАЛИМИ ЖАНА  УЧУРДАГЫ ТАЛАПТАР»
  • «ТАРЫХ МУГАЛИМИ ЖАНА  УЧУРДАГЫ ТАЛАПТАР»
  • «ТАРЫХ МУГАЛИМИ ЖАНА  УЧУРДАГЫ ТАЛАПТАР»
  • «ТАРЫХ МУГАЛИМИ ЖАНА  УЧУРДАГЫ ТАЛАПТАР»
  • «ТАРЫХ МУГАЛИМИ ЖАНА  УЧУРДАГЫ ТАЛАПТАР»
  • «ТАРЫХ МУГАЛИМИ ЖАНА  УЧУРДАГЫ ТАЛАПТАР»