AVN

«Юриспруденция» багытынын Юк-1-18 тайпасынын студенттеринин ата-энелеринин чогулушу

«Юриспруденция» багытынын  Юк-1-18 тайпасынын  студенттеринин  ата-энелеринин чогулушу
 Feb 4, 2019  658

Ушул жылдын 2-февралында  Экономикалык –юридикалык факультетинин  «Юриспруденция» багытынын  Юк-1-18 тайпасынын  студенттеринин  ата-энелери менен чогулуш өткөрүлдү.

«Жарандык укук жана адвокатура» кафедрасынын башчысы  С.Ш.Сыдыков, “Мамлекеттин  жана укуктун теориясы жана тарыхы” кафедрасынын  башчысы  Б.Н.Алымкулов  ачты.

  Ата-энелер жыйналышында окуу процесстин жүрүшү жөнүндө, окуу  төлөмдөрүн (контракт) төлөө боюнча, тартип, тазалык маселеси, ата-энелердин комитетин курамын бекитүү жана ар түрдүү маселелер каралды.

  • Чогулуштун жүрүшүндө 3 кафедранын кафедра башчыларына «Жарандык укук жана адвокатура» кафедрасынын башчысы С.Ш.Сыдыков жана Мамлекеттин жана укуктун теориясы жана тарыхы” кафедрасынын башчысы Б.Н.Алымкулов, “Кылмыш жаза укуктук дисциплиналар” кафедрасынын башчысы Н.И.Арзиев жана Юк-1-18 тайпасынын куратору З.А.Кошалиевага: сөз сүйлөп, ар бир кафедранын иштөө тартиби, окуу процесси, коомдук иштер тууралуу маалымат беришти.

 «Жарандык укук жана адвокатура» кафедрасынын башчысы  С.Ш.Сыдыков жыйналышта каралган маселелер боюнча токтолду. Акырында колго салынып ата-энелер курамы бекитилди.

 Ата-энелер комитетинин төрайымы  К.А.Бабаева ал эми тең  төрайымы        Г. Шерматова  бекитилди.

ЖАМУнун “Юриспруденция” адистигинде окуган студенттердин ата-энелеринен  университетте берилип жаткан билимге канчалык деңгээлде канааттанганы жөнүндө анкета алынды – деп билдирди  Юк-1-18 тайпасынын  куратору З.А.Кошалиева.

  • «Юриспруденция» багытынын  Юк-1-18 тайпасынын  студенттеринин  ата-энелеринин чогулушу