AVN







ТАЛАПТАР БИРДЕЙ БОЛОТ

ТАЛАПТАР БИРДЕЙ БОЛОТ
 Feb 2, 2019  660

Үстүбүздөгү жылдын  31-январында ЖАМУнун Өндүрүштүк практика бөлүмү тарабынан “Педагогикалык практиканы уюштуруу жана өткөрүү” деген теманын алкагында жыйын болуп өттү. Жыйынга бардык педагогикалык багыттагы адис чыгаруучу кафедралардын практика жетекчилери катышты.

ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректору А.Алибаев катышып, өз пикиринде,  “Бардык багыттар үчүн педагогикалык практиканын максаты, мазмуну бирдей болгондуктан талаптары дагы бирдей  болуу керек. Буга чейин аталган бөлүм тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлүп, айрым кемчиликтер калыбына келтирилген”.

 Жыйындын жүрүшүндө адаптациялык, адистик-базалык жана адистик-профилдик практикалардын өзгөчөлүктөрү каралды. Эң негизгиси студенттердин отчетторуна коюлуучу талаптар бир тарптипке келтирилди.

Жалпы 14 практика бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышып, сунуш-пикрлерин ортого салышты.

  • ТАЛАПТАР БИРДЕЙ БОЛОТ
  • ТАЛАПТАР БИРДЕЙ БОЛОТ
  • ТАЛАПТАР БИРДЕЙ БОЛОТ
  • ТАЛАПТАР БИРДЕЙ БОЛОТ