AVN







“КР Жогорку Кеңешиндеги парламенттик фракциянын конституциялык-укуктук макамы” аттуу темадагы илимий иши жакталды

“КР Жогорку Кеңешиндеги парламенттик фракциянын конституциялык-укуктук макамы” аттуу темадагы илимий иши жакталды
 Feb 1, 2019  854

Ушул жылдын 31-январында Юриспруденция адистиги боюнча диссертациялык кенешинде алгачкы жолу Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу, изденүүчү Нурлис Нарматов юридика илимдеринин кандидаттыгы үчүн диссертациялык ишин ийгиликтүү жактады.

Изденүүчү “КР Жогорку Кеңешиндеги парламенттик фракциянын конституциялык-укуктук макамы” аттуу темадагы 12.00.02 –конституциялык укук, муниципалдык укук адистиги боюнча диссертациялык ишин коргоду. Н.Нарматов Экономикалык-юридикалык факультетинин "Кылмыш жаза укугунун дисциплиналары"  кафедрасынын окутуучусу болуп 7 жылдан бери эмгектенет.

Белгилей кетсек, 2017 жылы Кыргыз Республикасынын  Эл аралык университети  тарабынан  Жалал-Абад мамлекеттик университети менен биргеликте Ош  шаарында Юриспруденция адистиги боюнча диссертациялык кенеш уюштурулган.  Кеңешмеде биринчи жолу ЖАМУнун изденүүчүсү илимий кандидаттыгын жактады.

  • “КР Жогорку Кеңешиндеги парламенттик фракциянын конституциялык-укуктук макамы” аттуу темадагы илимий иши жакталды