AVN







«Кесиптик билим алууда – ата-эненин орду аттуу” тегерек стол өткөрүлдү

«Кесиптик билим алууда – ата-эненин орду аттуу” тегерек стол өткөрүлдү
 Feb 1, 2019  681

 Ушул жылдын 31-январда Экономикалык-юридикалык факультетинин «Экономика жана  бухгалтердик эсеп» кафедрасынын  профессордук-окутуучулар  курамы  менен  ата-энелер ортосунда «Кесиптик билим алууда – ата-эненин орду аттуу” тегерек стол өткөрүлдү.

Тегерек столдун жүрүшүндө ата-энелер ЖАМУнун ишмердүүлүгү,  материалдык-техникалык базасы, окуу процессинин жаңы өзгөчөлүктөрү менен жана AVN cистемасы тууралуу кеңири  маалымат алышып, университетте жүрүп жаткан ийгиликтерге күбө болушту.

Пикир алмашууда  кафедра башчысы э.и.к., доцент Э.Н.Төлөнов: - Базар экономикасынын шартында, кесипти туура тандоодо жана билим алууда, ата-эненин орду жогору экенин  баса белгилеп, жогорку окуу жайлардын  арасынан  Жалал-Абад мамлекеттик университетин таңдагандары үчүн  ыраазычылык билдирди. Ошону менен бирге, эн мыкты окуган  алдыңкы студенттердин ата-энелерине ыраазычылык каттар тапшырылды.

  • «Кесиптик билим алууда – ата-эненин орду аттуу” тегерек стол өткөрүлдү
  • «Кесиптик билим алууда – ата-эненин орду аттуу” тегерек стол өткөрүлдү