AVN







ОШ ТЕХНОЛОГИЯЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН ОКУМУШТУУЛАРЫ ЖАМУДА...

ОШ ТЕХНОЛОГИЯЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН ОКУМУШТУУЛАРЫ ЖАМУДА...
 Feb 1, 2019  1111

Ош технологиялык университетинин доценти  э.и.к.  М. Ж. Абдиевдин  «Экономика» багыты боюнча окуу китептеринин презентациясы  «Экономика жана бухгалтердик эсеп» кафедрасынын студенттери менен жолугушуу учурунда болду.

Өз сөзүндө автор студенттерге жаңы чыккан окуу китептери учурдун талабына жооп берип, финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык ишканаларда бухгалтердик финансылык эсепти уюштуруунун жана жүргүзүүнүн, финансылык отчеттуулукту түзүүнүн теориялык, методологиялык жана практикалык аспектилери каралганын билдирди.

Кафедра башчысы доцент Э.Н.Төлөнов окуу китептер финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык Кыргыз Республикасынын бухгалтердик финансылык эсеп жана отчеттуулук боюнча колдонулуп жаткан нормативдик-укуктук документтер эске алынып, финансылык эсептин бардык бөлүмдөрү кеңири берилгенин  айтып өттү.

Презентация учурунда автор менен студенттер ортосунда суроо жооп болуп, активдүү катышкан студенттерге, окуу китептер белекке берилди.

Презентацияга ОшТУнун доценти э.и.к. С.Умаров, ОшГУнун доценти С.Абдыкадыров жана кафедранын профессордук окутуучулар курамы, студенттер катышты.

Бул жолугушуунун жыйынтыгында Ош технологиялык университетинин “Бухгалтердик эсеп жана аудит” кафедрасы менен “Экономика жана бухгалтердик эсеп” кафедрасы  окуу сапатын жакшыртуу жана илимий иштерди алып баруу боюнча кызматташуу  келишимине кол коюлду.

  • ОШ ТЕХНОЛОГИЯЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН ОКУМУШТУУЛАРЫ ЖАМУДА...
  • ОШ ТЕХНОЛОГИЯЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН ОКУМУШТУУЛАРЫ ЖАМУДА...