AVN







ЖАМУда “УРАЛ БААТЫР” ЭПОСУ КОТОРУЛУУДА

ЖАМУда   “УРАЛ БААТЫР” ЭПОСУ КОТОРУЛУУДА
 Jan 31, 2019  866

Үстүбүздөгү жылдын 29-январында ЖАМУнун кыргыз тили кафедрасынын  “Түрколог” илимий-чыгармачыл ийриминин кезектеги жыйналышы болду. Анда ийрим мүчөлөрү  тарабынан кыргыз тилине которулуп жаткан башкыр элинин “Урал Баатыр” эпосун которуу иштеринин жүрүшү, ага байланыштуу маселелер жана ийримдин дубал газетасына жарыялануучу материалдар талкууланды.

  “Урал Баатыр” – башкыр элинин оозеки чыгармасы, аны  которуу боюнча топтун жетекчиси ф.и.д. профессор И.Абдувалиевдин  маалыматына таянсак, которуу иштери сентябрь айында башталган, май айында аягына чыгат. Эпос И. Абдувалиев жана окутуучу Г. Ашимбаева тарабынан которулууда. Азыркы учурда эпостон кыргыз тилине которулган үзүндүлөрү  республикалык жана аймактык газета-журналдарга жарыялоого сунушталып жатат. Буга чейин ийримдин мүчөлөрү тарабынан “Коркут-Ата китеби”, “Дивани лугат итурк”  аттуу чыгармалары кыргыз тилине которулган. Бул тууралуу кыргыз тили кафедрасынын башчысы ф.и.к. Г.Бакирова кабарлады.

     Эске салсак, “Түрколог” илимий-чыгармачыл ийрими 2005-жылы түзүлүп, аны 2011-жылга чейин филология илимдеринин доктору, профессор  И.Абдувалиев жетектеп келген. Андан кийин Гулбара Ашимбаева жетектеп,  учурда 15 студент билимин өркүндөтүүдө.  Ал эми ийримде ф.и.д. профессор И.Абдувалиев, ф.и.к. А. Оморов, ф.и.к. Г. Бакирова, ф.и.к. М. Шакирова илимий кеңешчилер.

  • ЖАМУда   “УРАЛ БААТЫР” ЭПОСУ КОТОРУЛУУДА