AVN

Жалал-Абад колледжи Алматы шаарынын колледждери менен кызматташат

Жалал-Абад колледжи Алматы шаарынын колледждери менен кызматташат
 Jan 31, 2019  1044

Үстүбүздөгү жылдын  20-январынан 25-январына чейин Жалал-Абад колледжинин директору Б.М. Турдубаева жана ЖАКтын окуу иштери боюнча директордун орун басары А. Ыстамбаев Казакстан Республикасынын Алматы шаарынын орто окуу жайларына таанышуу жана тажрыйба алмашуу максатында иш сапарында болду. Аталган тур Билим берүү жана илим министрлигин жана АБРдин 3-долбоорунун  алкагында уюштурулду деп билдирди Б. Турдубаева.

Иш сапар учурунда Алматы шаарынын бир катар алдыңкы орто кесиптик окуу жайларында болуп, алардын тажрыйбасын, окуу процессин, материалдык –техникалык базасы менен таанышып, тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Иш сапардын жүрүшүндө Алматы шаарынын коллеждер ассосациясы, Алматы мамалекеттик жаңы технологиялар колледжи, Алматы мамлекеттик энергетика жана электрондук технологиялар колледждери менен ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин ортосунда  эки тараптуу кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол коюлду. Аталган  окуу-таанышуу сапарынын акыркы күнү,  Билим берүү жана  илим  министрдин орун басары К.Г. Кожобековдун жетекчилигинде иш сапардын жыйынтыгын  талкуулоо менен аяктады – дейт колледждин директору.

Эскерте кетсек Жала-Абад колледжи Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосундагы 3-долбоорунун  негизинде “Алдынкы тажрыйба борбору катары” тандалып алынган. Долбоор 5 жылдык мөөнөткө пландаштырылып өлкөнүн 7 облусунан 7  колледж тандалып алынган.

  • Жалал-Абад колледжи Алматы шаарынын колледждери менен кызматташат