AVN

Жалал-Абад мамлекеттик университети билим берүү программаларын көз карандысыз аккредитациядан өткөрүүгө даярдап жатат

 Jan 31, 2019  999

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 10 орто кесиптик жана 8 жогорку кесиптик билим берүү программаларын аккредитациядан өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө.  ЖАМУнун  ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович менен “Билим-Стандарт” көз карандысыз аккердитациялык агенттигинин директору Эсентаев Эрик Аскарбековичтин ортосунда келишимдерге кол коюлду.

“Сапат” бөлүмүнүн башчысы Гулдана Токоеванын айтымында жогорку жана орто кесиптик билим берүү программалары 2019-жылы көз каранды эмес аккредитациядан өтүүгө даярданып жатат. Тендердин жыйынтыгы боюнча  “Билим-Стандарт” көз карандысыз аккердитациялык агенттиги жеңип чыккандыктан агенттик менен окуу жайдын ортосунда келишим түзүлдү. Ошондой эле 2019-жылдын 21-22-январь күндөрү “Билим берүү программаларын аккредитациялоо” программасынын алкагында “Окуу жайдын өзүн-өзү баалоосун өткөрүү” деп аталган семинар-тренинг өткөрүлгөн.

Семинар-тренингге окуу жайдын факультеттеринен, колледждеринен жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдөн 80 ден ашык профессордук-окутуучулук курам катышты.  Семинар-тренингдин жыйынтыгы боюнча өзүн-өзү баалоо процедуралары боюнча пайдалуу маалыматтарга ээ болушуп, көз карандысыз аккредитациядан өтүүгө кафедралар документтерди дайындоодо деп кошумчалады ал.

  • Жалал-Абад мамлекеттик университети билим берүү программаларын көз карандысыз аккредитациядан өткөрүүгө даярдап жатат