AVN







Тегерек стол: “Тарых мугалими- компетенттүүлүк талаптар жана кесиптик бейнеси”

Тегерек стол:  “Тарых мугалими-  компетенттүүлүк талаптар жана кесиптик бейнеси”
 Jan 30, 2019  1083

ЖАМУнун “Тарых” кафедрасынын мугалимдери жана Жалал-Абад областык Билим берүүнүн усулдук борборунда билимдерин өркүндөтүү курсунан өтүп жатышкан    тарых мугалимдеринин катышуусунда “Тарых мугалими-  компетенттүүлүк талаптар жана кесиптик бейнеси” деген  аталышта тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу жогорудагы кафедранын башчысы Эрнис Авазов маалымдады.

“ЖАМУнун Тарых адистигин бүтүрүшүп, учурда  үзүрлүү эмгектенип жаткан   биздин бүтүрүүчүлөр  менен  аталган маселенин алкагында кызыктуу талкуу, суроо-жооптор, пикир алмашуулар болду. Биз тараптан учурда  тарых мугалимдерин даярдоо багытындагы жаңы талаптар, окуу планынын түзүлүшү мазмуну боюнча кеңири маалымат берилди. Кесипкөй, тажрыйбасы мол  кесиптештербиз өздөрүнүн тажрыйбаларына таянышып тарыхчы мугалимдерди даярдоо боюнча сунуштарын, окуу китептеринин мазмуну, олимпиадаларды уюштуруу маселелери боюнча ойлорун ортого салышып, сунуштарын беришти” – дейт Э.Авазов.

Орто мектептерде 5-6, 9-10-11 класстарда окутулуп жаткан “Адам жана коом” интеграциялык предмети боюнча окуу китептеринин  жетишпестиги, аны чечүүнүн зарылдыгын белгилеп өтүштү.Учурдан пайдаланып аталган дисциплина боюнча даярдалып жаткан окуу-усулдук колдономо боюнча тааныштырып, айрым суроолоруна жооптор берилди жана мүмкүнчүлүккө жараша  колдонмону биргеликте талкуудан өткөрүү  макулдашылды.

 Баарлашуунун жүрүшүндө  талкууланып жаткан тема  боюнча бүтүрүчүлөргө жана тарых мугалимдерине багышталган сурамжылоо  жүргүзүлдү. Сурамжылоого 26 угуучу катышты. Алардын ичинен  он алтысы биздин бүтүрүүчүлөр, калгандары ар кайсы окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү.  Катышуучулардын басымдуу бөлүгү 10 жылдан жогору педагогикалык стажга  ээ, дээрлик аялзатынын өкүлдөрү ( эң көп стаж 34 жыл, эң азы 3 жыл). 

Жыйынтыгында негизинен басымдуу бөлүгү  окуу планында студенттердин тандоосуна сунушталган предметтердин ичинен “Кыргызстандын тарыхын” тандай тургандыктарын билдиришкен. Андан кийинки орунда “Тарыхты окутуунун усулу”, “Жалпы тарых” “Адам жана коомду окутуунун усулу”  багытындагы тандоо курсу  турат. Катышуучулардын  ичинен көпчүлүгү  “Адам жана коом” курсу боюнча окуу китептеринин жетишпестигин билдиришкен.

“Мектеп менен кафедранын байланыштарын күчөтүү үчүн эмнелерди сунуштайт элеңиз”- деген суроого катышуучулардын дээрлик басымдуу бөлүгү жолугушууларды уюштуруу, онлайн режимде байланыш түзүү сунуштарын беришкен.

  • Тегерек стол:  “Тарых мугалими-  компетенттүүлүк талаптар жана кесиптик бейнеси”
  • Тегерек стол:  “Тарых мугалими-  компетенттүүлүк талаптар жана кесиптик бейнеси”