AVN







ҮЧ СТУДЕНТ ГИМНАЗИЯДАН ПРАКТИКАСЫН ӨТӨӨДӨ

ҮЧ СТУДЕНТ ГИМНАЗИЯДАН ПРАКТИКАСЫН ӨТӨӨДӨ
 Jan 30, 2019  669

         Үстүбүздөгү жылдын 30-январь күнү  ЖАМУнун Филология факультетинин “Кыргыз тили, КДЭА жана журналистика кафедраларынын үч студенти Сузак районундагы №6 Т.Темирбаев атындагы гимназияга профилдик-базалык практикасын өтөөгө жиберилди. Мындай маалыматты “Кыргыз тили” кафедрасынын башчысы Гулжан Бакирова билдирди.

         Анын маалыматында мындай деп айтылат, атайын  дайындалган усулчулар ф.и.д., профессор И.Абдувалиев, улуу окутуучу А.Токурова, улуу окутуучу Г.Ашимбаевалар Сузак районундагы №6 Т.Темирбаев атындагы гимназияга профилдик-базалык практикасын өтөөгө жиберилген филология факультетинин Кт-1-15 тайпасынын студенттерин Алимбек кызы Уулкан, Апсаматова Саламат, Бектеналы кызы Самараны жайгаштырылды.

         Гимназиянын директору Ж.Шамшиева,  педагогикалык жамааты жана администрациясы ЖАМУнун кыргыз тили кафедрасы менен буга чейинки натыйжалуу кызматташтыктын натыйжасын айтып,  мындан ары да улантууга, практиканттардын окуу жайдан алган теориялык билимдерин иш жүзүндө пайдаланууга даярдоодо көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин баса белгилешти.

         Белгилей кетчү жагдай, Кт – 1-15 тайпасында жалпы 22 студент билим алууда, анын бирөө эркек бала, 21и кыздар.