AVN







АТА-ЭНЕЛЕРГЕ КӨРСӨТМӨ АЧЫК САБАК ӨТҮЛДҮ

АТА-ЭНЕЛЕРГЕ КӨРСӨТМӨ АЧЫК САБАК ӨТҮЛДҮ
 Jan 29, 2019  790

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын башчысы ф.и.к., доцент Гүлжамал Токтогулова социалдык иш адистигинде окуган студенттерге «Социалдык иштин конфликтологиясы» предметинен ачык сабак өттү.

Ачык сабакка социалдык иш адистигинде окуган студенттердин ата-энелери чакырылгандыктан, көрсөтмө сабак катары өтүлүп, «Үй-бүлө конфликтери» деген тема атайын тандалып алынды. Лекциялык сабакта ата-эне жана балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрүнө илимий анализ берилип, конфликтик кырдаалдын себептери көрсөтүлүп, жыйынтыгында алдын алуу, чечүү жолдору сунушталды.

Ачык сабак ата-энелер тарабынан жогорку деңгээлде өттү деп бааланып, университет менен тыгыз байланышта болушарын белгилеп кетишти.

Эске салсак, аталган адистикте жалпы 40 студент билим алса, ачык сабакка 10дон ашуун ата-эне катышкан.

  • АТА-ЭНЕЛЕРГЕ КӨРСӨТМӨ АЧЫК САБАК ӨТҮЛДҮ
  • АТА-ЭНЕЛЕРГЕ КӨРСӨТМӨ АЧЫК САБАК ӨТҮЛДҮ