AVN







ЖАМУДА АЛГАЧКЫ ФОРУМ УЮШТУРУЛУУДА

ЖАМУДА АЛГАЧКЫ ФОРУМ УЮШТУРУЛУУДА
 Jan 29, 2019  1169

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 1-февраль күнү саат 9:30да Р. Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында “Жалал-Абад мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү -  коомдогу компетенттүү адиси” аталышындагы I  форум өтөт.

Уюштуруучулардын айтымында форум биринчи жолу уюштурулуп жатат, келечекте салт катары уланып кетет деген изги тилектер бар. “Биздин окуу жайдын ар бир бүтүрүүчүсүнүн коомдо орду бар жана профессионалдуу адис катары калптанып, турмушта өз ордун тапса деп тилейбиз. Форумдун максаты бүтүрүүчүлөрдүн рейтингин жогорулатып, кийинки бүтүрүүчүлөргө үлгү катары көрсөтүү. ”- дейт алар.

Форумдун программасында ЖАМУ жөнүндө видео роликтер көргөзүлөт, жетекчилердин, бүтүрүүчүлөрдүн  куттуктоо  сөздөрү жана кадырлуу конокторго окуу жайдын маданий-эстетикалык борборунун кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланат.

Эске салсак, буга чейин иш берүүчүлөр, ата-энелер менен жолугушуу болгон. Университет көз карандысыз аккредидациядан өтүү алдында турат, андыктан кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууда коомчулуктун пикирин угуп, ар кандай сунуштардын негизинде билим берүүнүн сапатын жогорулатууга болот дешет уюштуруучулар.

  • ЖАМУДА АЛГАЧКЫ ФОРУМ УЮШТУРУЛУУДА