AVN







ЖАҢЫ ТӨРАЙЫМ ДАЙЫНДАЛДЫ

ЖАҢЫ ТӨРАЙЫМ ДАЙЫНДАЛДЫ
 Jan 26, 2019  732

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жаштар комитетинин төрайымы болуп Алтынай Базарбай дайындалды. Аталган комитеттин  жыйыны болуп, ага  мамлекеттик тил жана социалдык иштер  боюнча проректор  Доранова А. Д.  жана Маданий-эстетикалык борбордун кызматкерлери  Масеитов Ж , Шамуратов Н, Жаштар комитеттин курамы жана университеттин активдүү студенттери катышты. Чогулуштун жүрүшүндө  жаңы мүчөлөр  кабыл алынып жаңы  дайындоолор болду.

Жашатар комитетинин  катчысы: Курбаналиева Асель;

Окуу жана илимий иштер боюнча сектор башчысы: Камбаралиева Жибек;

Социалдык иштер боюнча сектор башчысы: Аксамаева Айтолкун;

Маданий иштер боюнча сектор башчысы: Алтынай Базарбай;

Дебат жана тегерек стол боюнча сектор башчысы : Зиябиддин уулу Искендер;

Спорт иштери боюнча сектор башчысы : Бакиров Азамат;

Маалымат сектор башчысы : Сыргабаева Айназик шайланды.

ЖАМУнун Жаштар комитетинин төрагалыгына талапкер катары Алтынай Базарбай жана Искендер Зиябиддин уулу көрсөтүлдү. Жыйынтыгында реторго  сунуш жөнөтүлүп,  ректор тарабынан Жалал - Абад мамлекеттик университетинин Жаштар комитетинин төрайымы болуп Алтынай Базарбай, орун басары болуп Искендер Зиябиддин уулу бекитилди.

  • ЖАҢЫ ТӨРАЙЫМ ДАЙЫНДАЛДЫ
  • ЖАҢЫ ТӨРАЙЫМ ДАЙЫНДАЛДЫ