AVN







ТАРЫХ КАФЕДРАСЫ: КЫЗМАТТАШТЫК УЛАНАТ

ТАРЫХ КАФЕДРАСЫ: КЫЗМАТТАШТЫК УЛАНАТ
 Jan 26, 2019  699

Жалал-Абад шаардык Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.О Калчаев,  жетектөөчү адис М. И. Абдираимов менен  биргеликте Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин Тарых кафедрасынын башчысы доцент Э.А. Авазов, доцент Г.А. Анарбаева болуп   “550 400 – Социалдык-экономикалык билим берүү” багытынын Тарых профили боюнча жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программасын өнүктүрүү максатында пикир алмашуу болду.  

Аталган  багыт боюнча жогорку кесиптик билим берүүнүн рыноктук экономиканын шарттарында атаандаштыкка  туруштук бере ала турган жогорку кесиптик даярдоо программасынын максаттары жана окутуудан күтүлүүчү натыйжалар тууралуу кеңири сөз  болду. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.О Калчаев  тарыхчы катары окуу планы менен жакындан таанышты. Маектешүүнүн жүрүшүндө тарых мугалими болууну көздөп, учурда бизде  билим алып жатышкан шаарыбыздын мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнүн, алсак Т-1-15 тайпасынын  мыкты студенттери  К. Султанова, Токтосунова А ( №13 Р. Азимов)  А. Исмаилова (№1, М. Бабкин), А. Асылбековалардын( №9 Р. Санатбаев)  жетишкендиктерин белгилеп,  аталган багыттын студенттерин практикадан  өтөөсүнө шарттарды түзүп бергендиктери  үчүн  шаардык билим берүү бөлүмүнүн  жетекчилигине жана  жалпы эле тыгыз кызматташтыкта иш алып бара жаткан мектептердин жетекчилигинин даректерине  ыраазычылык билдирди аталган кафедранын башчысы Э. Авазов.

  Пикир алмашуунун жүрүшүндө Ы. О Калчаев шаардын  айрым мектептерине  орус тилдүү жаш тарыхчы мугалимдердин зарылдыгын белгилеп, бул  проблеманы чечүүдө биргеликте иш алып баруу керектигине токтолду жана университеттин жетекчилигине өтүнмө жолдоду. “Мындай маселе бир эле тарых багытында эмес  башка предметтер боюнча да  айрым райондордун борборундагы мектептерде да бар экендиги маалым. Андыктан  Жалал-Абад мамлекеттик университетинде башка адистиктерден да орус тилдүү тайпалар ачылып, кадр даярдаса, бул учурдун негизги зарылчылыгы болууда” – деди шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

Шаардын мектептери менен практика өткөрүү жаатында жана усулдук багытта кызматташтыктын улантылуусу бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыз кылуунун  ишенимдүү кадамы экендиги кадиксиз. Ушул өңүттө Тарых кафедрасынын  профессордук- окутуучулук курамы аймактагы иш берүүчүлөр менен жакындан кызматташуусун уланта берет деген ойлорун айтышты кафедранын жамааты.

  • ТАРЫХ КАФЕДРАСЫ: КЫЗМАТТАШТЫК УЛАНАТ