AVN

“ Тест жүргүзүүнүн усулдары ” деген темада семинар- тренинг өткөрүлдү

“ Тест жүргүзүүнүн  усулдары ” деген  темада  семинар- тренинг өткөрүлдү
 Jan 26, 2019  780

ЖАМУнун медициналык  колледжде 25-декарбрь күнү  “ Жалпы  билим  берүүчү жана гуманитардык  дисциплиналар” бөлүмүнүн  уюштуруусу  менен семинар- тренинг өткөрүлдү.  Ага колледждин окутуучулар жамааты катышып, кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

      Семинарда  коомдук  технологиялар  борборунун  өкүлү  Тиленова  Дамира   “ Тест жүргүзүүнүн  усулдары ” жөнүндө түшүнүк  берди.

Тест жүргүзүүнүн түрдүү ыкмаларын үйрөттү. Анын айтымында тестти түзүүдө ага музыка, сүрөт, видеолорду пайдалануу менен тест түзсө болот.

      Семинар- тренингдин   экинчи  бөлүгүндө  колледждин  окутуучулары  жана  тренер Тиленова  Дамира  менен   талкуу   жүргүзүлдү. Мугалимдер тарабынан түзүлгөн тесттерди AVN программасына кантип жайгаштыруу жолдору суралды – дейт Жалпы билим берүүчү жана гуманитардык дисциплиналар бөлүмүнүн башчысы Термечикова Сейилкан.

Аталган колледжде жалпы 85 мугалим эмгектенсе, бул семинарга 40 окутуучу катышкан. Ал эми бөлүмдө 12 мугалим иштейт.

  • “ Тест жүргүзүүнүн  усулдары ” деген  темада  семинар- тренинг өткөрүлдү