AVN

Абитурент - 2017: Экономика багытындагы профилдик адистиктерге тапшырууну көздөйт!

Абитурент - 2017: Экономика багытындагы профилдик адистиктерге тапшырууну көздөйт!
 May 24, 2017  1133

ЖАМУнун «Экономикалык билим берүү» кафедрасынын өкүлдөрү  Жалал-Абад «Нур» кесиптик колледжинин бүтүрүүчүлөрүнө арналып өткөрүлүп жаткан салтанатка катышты. Салтанаттын жүрүшүндө «Экономикалык билим берүү» кафедрасынын башчысы Сабирали Сыдыков, бүтүрүүчүлөргө каалоо айтып, турмуш жолдорунун ачык болушуна тилектештигин билдирди. Ошондой эле, ал: «Экономика багытындагы 4 профилдик адистиктер боюнча кеңири маалымат дагы берилет. Билимин тереңдетүү максатын көздөгөн жаштар болсо, Сиздерге жакындан жардам көрсөтөбүз. Биздин Жалал-Абад мамлекеттик университети аймагыбыздагы эле эмес, республика боюнча ири университеттердин катарын толуктап келе жатат. Биздин бүтүрүүчүлөрдүн алды мамлекеттик жана чоң-чоң жетекчилик кызматтарды аркалап, ЖАМУнун атын жакшы жагынан даңазалап жатышат. «Мээнетиң катуу болсо, тапканың таттуу болот!»-мээнет жана  аракет менен сөзсүз көп ийгиликтерди багындара аласыздар!»  - деп кайрылды салтанаттын катышуучуларына.

Жыйынтыгында студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Ал эми, окуу жайлардан келген өкүлдөр бүтүрүүчүлөргө адистиктерге ылайык бакалавр багытындагы профилдер боюнча атайын бөлүштүрүлгөн окуу кааналарында маалымат беришти. Ал эми, Экономика багытындагы бүтүрүүчүлөргө №107 окуу каанасында, атайын «Абитурент - 2017» аталыш менен   даярдалган видеотасма көрсөтүлдү жана адистиктер боюнча даярдалган буклет жана газета таркатылып берилди. Ошондой эле бүтүрүүчүлөр менен байланышуу боюнча иштер жүргүзүлдү, анын алкагында экономика багытында билимин жогорулатуу ниетин билдирген 17 студент байланыш даректерин калтырышты.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад «Нур» кесиптик билим берүү колледжинде жалпысынан 212 бүтүрүүчү бар, анын ичинен 33 бүтрүүчү экономика багытындагы студенттер.

  • Абитурент - 2017: Экономика багытындагы профилдик адистиктерге тапшырууну көздөйт!