AVN







ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
 Jan 26, 2019  739

Филология факультетинин Кыргыз тили кафедрасынын башчысы, ф.и.к. Г.Бакирова жолугушуунун максаты, НББП түзүлүшү, мазмуну, максаты, программанын эксперттик курамы, түзүүчүлөрү  тууралуу маалымат берди.

-Заман талабына ылайык биздин университет да  билим берүү укугун алуу үчүн аккредитациялоодон өтүү алдында турат. Өткөн окуу жылында биздин багыт боюнча бакалавр багыты үчүн негизги билим берүү программасы түзүлүп, ал шаардык жана Сузак райондук билим берүү бөлүмдөрү тарабынан сунушталган эксперттик курамдын өкүлдөрү тарабынан талкууланган жана жактырылган. Алардын арасында сиздердин мектеп-гимназиянын окуу бөлүмүнүн башчысы Г.Мамытова да бар.

Мамытова Г. -Жалал-Абад шаарындагы № 4 мектеп-имназиясынын директорунун окуу иштери боюнча   орун басары: - Мен университет менен тыгыз байланыштамын. Эки жыл катары МАКтын курамында мүчө, төрайым болуп катыштым. Андан тышкары студент-практиканттардын иш-аракеттери боюнча да  окуу жай, кыргыз тили кафедрасы менен байланышта болуп келе жатам. Өзүм да ЖАМУнун бүтүрүүчүсүмүн. Биздин жамааттагы  кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин жалпы саны сегиз болсо, анын ичинен төртөө ЖАМУнун бүтүрүүчүсү. Мугалимдердин  педагогикалык, тарбиялык ишмердүүлүгүнөн, студент-практиканттардын иш-аракеттеринен улам ЖАМУнун билим берүү ишмердүүлүгүнө олуттуу доомат кое албайм.

Эшенкулова К.-кыргыз тили жана адабияты мугалими: -Мен да ЖАМУда окугам. Сырттан окуу бөлүмүндө окусам да, татыктуу билим алгам. Студент-практиканттардын арасында  билим деңгээли мыктысы, начары, жоопкерчиликти сезгендиги, милдетин так аткаргандыгы же тескерисинче, так аткарбагандары да бар. Ар түрдүү студенттер бар. Биз ЖОЖду аяктагандыгыбызга көп жыл болуп калды. Ошондуктан азыр келген практиканттардан окутуунун жаңы ыкмаларын, интерактивдүү усулдарды, техникалык каражаттарды пайдаланууну үйрөнүп алсак деп, жанылыктарды күтөбүз. Тилекке каршы, айрым учурларда мындай үмүтүбүз ишке ашпай калат. Ушул нерселерге көнүл бурулса, жакшы болмок.

Келдибаева Р.- кыргыз тили кафедрасынын улуу окутуучусу: - Урматтуу кесиптештер! Биз аккредитацияга даярдык көрүп жатабыз. Студенттерге татыктуу билим берип, заман талабына ылайык, атаандаштыкка туруктуу мугалимдерди даярдоого аракеттенип жатабыз. Материалдык-техникалык базабыз талапка жооп берет.  Окуу канаалары интерактивдүү доска, проекторлор менен жабдылган. Борборлоштурулган китепкананын китепканалык фонду да бай. Дүйнөлүк ИНТЕРНЕТ желесине туташтырылган электрондук китепкана студенттердин кызматында.

  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ