AVN







ТАРЫХЧЫЛАРДЫН АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУСУ

ТАРЫХЧЫЛАРДЫН АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУСУ
 Jan 25, 2019  690

Жалал- Абад мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн “Кесиптик билим берүүдө ата- энелердин жана ЖАМУнун өз ара кызматташтыгы” аттуу ата- энелер менен мугалимдер ортосунда тегерек столго “Тарых” адистигинин студенттеринин 4 ата-энеси катышты.

Бул жолугушууга ЖАМУнун активдүү студенттеринин ата- энелери жана ошондой мугалимдер катышып, ЖАМУнун ишмердүүлүгү, окуу канаалары, техникалык базалары жана аудитториялары менен таанышып кайтышты. Бул жолугушууга Т-1-15 тайпасынан 4 студенттин ата- энеси келип балдары окуп жаткан университеттин ишмердүүлүгү менен таанышып,  тегерек столдун жүрүшүндөгү сурамжылоого катышышты.

ЖАМУнун ректорунун атынан ата- энелерге ыраазычылык каттар тапшырылып, тарых кафедрасынын мугалимдери менен ата- энелер ортосунда пикир алмашуу, суроо жооп болду.

Мугалимдер ЖАМУдагы жаңылыктар, өзгөчөлүктөр менен таанышып, AVN системасы тууралуу толук маалымат беришти жана университеттин мугалимдеринин ишине ийгиликтерди каалоо менен ыраазычылыктарын билдиришти.

  • ТАРЫХЧЫЛАРДЫН АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУСУ
  • ТАРЫХЧЫЛАРДЫН АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУСУ