AVN

Кыргыз тили кафедрасы менен бүтүрүүчүлөрдүн ортосунда байланыш күчөдү

Кыргыз тили кафедрасы менен бүтүрүүчүлөрдүн ортосунда байланыш күчөдү
 Jan 25, 2019  647

Филология факультетинин “Кыргыз тили” кафедрасынын жамааты менен бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу Жалал-Абад шаарындагы №1 мектеп-гимназиясында болуп өттү. Ага Сузак районуна караштуу  №75  Улугбек атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин директору, 1999-2000-окуу жылынын бүтүрүүчүсү -  Г.Ш.Эргешова, М.Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын окуу иштери боюнча директордун орун басары, 1998-1999-окуу жылынын бүтүрүүчүсү - Н.М.Мараимова, ЖАМУнун доценти, п.и.к., 1999-2000-окуу жылынын бүтүрүүчүсү – К.М.Ураимов, Жалал-Абад шаарындагы  №4мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими, 1999-2000-окуу жылынын бүтүрүүчүсү-  М.К.Камчибекова, Жалал-Абад шаарындагы Р.Азимов атындагы №13 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими,  «Мыкты мугалим – 2009» номинациясынын ээси, 2003-2004-окуу жылынын бүтүрүүчүсү-  М.А.Тойчиев, М.Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими,  2008-2009-окуу жылынын бүтүрүүчүсү - М.С.Матраимов, шаардагы №2 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими,  2009-2010-окуу жылынын бүтүрүүчүсү–Ч. Норузбаева,  М.Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими, 2009-2010-окуу жылынын бүтүрүүчүсү –Р.М. Абдылдаева ж.б. катышышты.

Иш-чарада Филологиялык билим берүү багытынын кыргыз тили жана адабияты профилинин негизги билим берүү программасы, жумушчу окуу пландар, бакалавр жана магистр даражалары боюнча талкуулар жүрдү.

Жолугушуу өз максатына жетип, жыйынтыгында жалпы бүтүрүүчүлөр ФФнын кыргыз тили кафедрасынын профессор-окутуучуларына ыраазычылык билдирүү менен тыгыз байланышта иш жүргүзүшөрүн билдиришти жана уюштуруучулар тарабынан түзүлгөн анкеталарды толтурушуп,  өздөрү жөнүндө маалыматтар алынды – деп билдирди окутуучу Н.К.Жалилова.

  • Кыргыз тили кафедрасы менен бүтүрүүчүлөрдүн ортосунда байланыш күчөдү