AVN







АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ПИКИР АЛМАШУУ

АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ПИКИР АЛМАШУУ
 Jan 25, 2019  677

Табигый-техникалык факультетинин “Биология” кафедрасынын ата-энелер комитетинен Мурзабекова Айнаш, Мурзаев Эркинбек, Саттарова Сурайе Жалал-Абад мамлекеттик университетинин деңгээлинде уюштурулган “Кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууда ата-эненин орду” аталышындагы тегерек столго катышышты. Келген коноктор  ЖАМУнун ректору т.и.д., профессор К.Ж.Усеновго терең ыраазычылыктарын билдирип,  жалпы жамаатка каалоолорун айтышты.

Ата-энелер жогорку окуу жайларда өткөрүлүп жаткан жолугуушулар маанилүү экендигин баса белгилешти. Алар өз сөзүндө  ЖАМУнун миссиясында көрсөтүлгөндөй өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө теориялык жана практикалык салымын кошуучу кесипкөй адистерди даярдоодо ата-энелер дагы көмөк көрсөтөрүн айтышты. Жолугушуунун жыйынтыгында ЖАМУнун ректору профессор К.Ж.Усенов ата-энелерге "Ыраазычылык кат" тапшырды деп өз оюн жогорудагы кафедранын башчысы  А.Д.Эгембердиева билдирди.