AVN







АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
 Jan 25, 2019  732

Жалал-Абад колледжинин Мектепке чейинки билим берүү жана технология бөлүмүнүн жалпы жамааты аталган адистикте билим алган студенттердин ата-энелери менен жолугушту. Жолугушуу үстүбүздөгү жылдын 24-январында Филолгоия факультетинин 100-аудиториясында болуп, 60 ата-эне катышты.   Ага  колледждин  тарбия  иштери  боюнча  директордун орун басары Назаров Жусуп аталган бөлүмдүн   башчысы Талипова Динара жана окутуучулук курам  катышкан. 

 Жолугушуу ар жылы салт катары уюшулуп келет, ата-энелер менен тыгыз иш алып барып, кесиптик билим берүүнүнүн сапатын жогорулатуу боюнча пикир алмашуулар болуп келет – дейт бөлүмдүн башчысы Д. Талипова. Бул иш чарада окуу жайдын  корпусун тааныштыруу,  аккредитатция боюнча түшүнүк берүү  ошондой эле   ата-энелер  комитетин  шайлоо жана   ар түрдүү маселелер каралды. Жыйынтыгында ата-энелер комитетинин төрагасы болуп, Муратов Рысбек, Шералиева Гульсара, Шермаматова Айжан жана Кадыржанова Наима шайланышты.

  • АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ