AVN







ЖУМУШЧУ ПРОГРАММА ӨЗГӨРТҮЛДҮ

ЖУМУШЧУ ПРОГРАММА ӨЗГӨРТҮЛДҮ
 Jan 18, 2019  1144

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын Социалдык иш адистигинин 2-3-4-курстарынын студенттеринин профилдик, өндүрүштүк жана квалификация алдындагы практикаларынын жумушчу программаларын тийиштүү кызматтардын адистери менен биргеликте талкуулашканын айтат аталган кафедранын башчысы Гүлжамал Токтогулова.

Талкуу «Жалал-Абад шаардык социалдык фонд», «Эмгек жана социалдык өнүгүү» башкармалыктары менен биргеликте жүрдү. Жалал-Абад шаардык социалдык фонд башкармалыгында кызмат көрсөтүү структураларында кыскаруу болгон. Тактап айтканда, бухгалтердик эсеп жана жеке жактар менен иш алып баруу бөлүмдөрү кыскаргандыктан кафедранын практикалык жумушчу программаларына өзгөртүү киргизилгенин билдирди кафедра башчысы.

Бүгүнкү студент эртеңки адис болгондуктан, алардын теориядан алган билимин практикада колдонуп, мыкты кадр даярдоого өбөлгө түзүү ар бирибиздин милдетибиз. Студенттердин пратиканы жогорку деңгээлде өздөштүрүүсү үчүн мекемелер тарабынан түрдүү сунуштар берилген.

Сунушта, келечекте  глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүү, жогорку илимий жана кесиптик потенциалга ээ болгон, республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүcүнө теориялык жана практикалык салымын кошуучу кесипкөй адистерди даярдоодо кызматташууга кызыктар экендигин аталган башкармалыктардын эмгек жамааты баса белгилеп өтүштү.

  • ЖУМУШЧУ ПРОГРАММА ӨЗГӨРТҮЛДҮ
  • ЖУМУШЧУ ПРОГРАММА ӨЗГӨРТҮЛДҮ
  • ЖУМУШЧУ ПРОГРАММА ӨЗГӨРТҮЛДҮ
  • ЖУМУШЧУ ПРОГРАММА ӨЗГӨРТҮЛДҮ