AVN







ТҮЙШҮГҮ ТҮМӨН ТҮКҮРҮК

ТҮЙШҮГҮ ТҮМӨН ТҮКҮРҮК
 Jan 16, 2019  655

Жалал-Абад мамлекеттик универсиетинде Кыргыз Республикасынын жаңы мыйзамдары жөнүндө жашоочулардын укуктук маданиятын көтөрүү багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ага окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышып, жаңы мыйзамдар тууралуу адистерден кенен маалымат алышты.

Ичимдик ичкен, насвай, чылым тарткан адамдан шилекей адаттан көп бөлүнүп чыгып, натыйжада түкүрүнүшөт. Мындай маалыматты шаардык кургак учукка каршы диспанцеринин башкы дарыгери Акылбек Ормонбеков билдирди. “Жугуштуу инфекциянын көпчүлүк түрү ооз көңдөйүндө жайгашкандыктан, адам жерге түкүрүп, какырып  койсо, аба аркылуу соо адамга жугат, натыйжалда  оорулуулардын саны өсүүдө. Дени сак улут, дени сак мамлекет демекчи, өзүбүздүн жана өзгөлөрдүн ден соолугуна кам көрөлү. Жашоочулар маданияттуулукка үйрөнсө, жугуштуу оорулардын да саны кескин түрдө азайат” – деген оюн кошумчалады.

 Ошондой эле бул жыйынга шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Аламан Адиев, Кыргыз эл акыны Рахматулла Козукеев, шаардын имам хатиби Алдаяр ажы, Дүйнө чемпиону Эрбол Бакиров жана шаардык жаштар комитетинин төрагасы Байыш Ташбаев келип, катышуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Кыргыз Республикасынын жарандык Мыйзамдары ар бир жашоочуга тийиштүү жана аны аткарууга баарыбыз милдеттүүбүз. Ошондой эле маданияттуу болуп, өлкөнүн тазалыгына жалпы кам көрсөк, басып бара жатып түкүрүнүп-какырынганды, таштандыларды туш келди ыргытууну токтотсок өнүккөн өлкөлөр сыяктуу таза шаарда жашайт элек – деген пикирлерин билдиришти  келген коноктор.

Түмөн түйшүктүү дарттар түкүрүк менен жугаарын баарыбыз билсек дагы кайдыгер мамиле жасап келгенибиз анык. Андыктан тукүрсөм 5500 сом айып пул төлөп калам деген коркунуч менен какырынган-түкүрүнгөн маданиятсыз адаттардан арылып, келечек муунга маданияттуу калк катары калптанган эл экенибизди далилдейли дешет катышуучулар.

  • ТҮЙШҮГҮ ТҮМӨН ТҮКҮРҮК
  • ТҮЙШҮГҮ ТҮМӨН ТҮКҮРҮК
  • ТҮЙШҮГҮ ТҮМӨН ТҮКҮРҮК
  • ТҮЙШҮГҮ ТҮМӨН ТҮКҮРҮК
  • ТҮЙШҮГҮ ТҮМӨН ТҮКҮРҮК
  • ТҮЙШҮГҮ ТҮМӨН ТҮКҮРҮК