AVN

“ДЕН СООЛУК – 2019” СПАРТАКИАДА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

“ДЕН СООЛУК – 2019” СПАРТАКИАДА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
 Jan 14, 2019  824

ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлери арасындагы “Ден соолук - 2019" кышкы спартакиаданын жыйынтыгы чыгарылып, анда жеңүүчүлөр акчалай сыйлыкка жана дипломдорго ээ болушту. Спартакиадага университеттин факультеттеринин жана структуралык бөлүмдөрүнөн 6 команда катталган.  

Спорт биримдиктин, достуктун бекем болушуна чоң өбөлгө түзөт. Спартакиада башталгандан тартып, ар команданын катышуучулары өз курамына жан тартып, сүрөп колдоп турдуңуздар. Күч атасын тааныбайт демекчи, күчтүү командалар алдыга суурулуп чыгып окуу жай тарабынан каржыланган акчалай сыйлыктардын ээси болдуңуздар. Спартакиадада 6 спорттун түрү ойнотулуп, анда биринчи орунга 1500 сом, экинчи орунга 1000 сом, үчүнчү орунга 500 сом акчалай сыйлык берилип жатты  – деди спартакиаданын башкы калысы Курманбек Ажибаев.

Анын айтымында, Педагогика жана маалымат технологиялар факультети командасы менен биринчи орунду ээлеп, 6000 (алты миң) сом акчалай сыйлык, ал эми жалпы жыйынтыгында 14000 (он төрт миң) сомго ээ болушту. Медицина факультетинин  командасы экинчи орунду ээлеп 4000 (төрт миң) сом алышса, жыйынтыгында 11500 (он бир миң беш жүз) сомго ээ болушкан. Экономикалык-юридикалык факультети үчүнчү оорунга ээ болгондугу үчүн 2000 (эки миң) сом менен сыйланып, жыйынтыгында 6500 (алты миң беш жүз) сом алышты. Ал эми калган командаларга  активдүү катышкандыгы үчүн 1000 (миң) сомдон ыйгарылган.

  • “ДЕН СООЛУК – 2019” СПАРТАКИАДА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ