AVN







“ДЕН СООЛУК – 2019” СТОЛ ҮСТҮНДӨГҮ ТЕННИСТИН ЖЫЙЫНТЫГЫ

“ДЕН СООЛУК – 2019” СТОЛ ҮСТҮНДӨГҮ ТЕННИСТИН ЖЫЙЫНТЫГЫ
 Jan 12, 2019  667

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлери ортосунда стол үстүндөгү теннис  оюну ойнолуп, анын жеңүүчүлөрү аныкталды. Оюн “ден соолук – 2019" кышкы спартакиадасынын алкагында өткөрүлүп, анда жалпы 7 команда ортосунда таймаш жүрүүдө.

Стол үстүндөгү теннис оюнуна Педагогика жана маалымат технологиялар факультети, Медицина факультети, Экономикалык-юридикалык факультети, Табигый-техникалык факультети, административдик башкаруу кызматкерлери катышты. Анда эркектер арасында 6 жана аялдар арасында 7 команда катышты.   Спорттун бул түрүнөн күчтүүлөрү аныкталып, төмөнкүлөр жеңүүчү деп аталды – дейт спартакиаданын башкы калысы Курманбек Ажибаев.

Эркектер арасында;

Биринчи орун – Административдик башкаруу кызматкерлери

Экинчи орун – Экономикалык-юридикалык  факультети

Үчүнчү орун  –  Медицина факультети

Аялдар арасында;

Биринчи орун – Административдик башкаруу кызматкерлери

Экинчи орун – Педагогика жана маалымат технологиялар факультети