AVN







“ДЕН СООЛУК – 2019” ВОЛЕЙБОЛДУН ЖЫЙЫНТЫГЫ

“ДЕН СООЛУК – 2019” ВОЛЕЙБОЛДУН ЖЫЙЫНТЫГЫ
 Jan 12, 2019  695

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлери ортосунда волейбол  оюну ойнолуп, анын жеңүүчүлөрү аныкталды. Оюн “ден соолук – 2019" кышкы спартакиадасынын алкагында өткөрүлүп, анда жалпы 7 команда ортосунда таймаш жүрүүдө.

Волейбол оюнуна Педагогика жана маалымат технологиялар факультети, Медицина факультети, Экономикалык-юридикалык факультети, Табигый-техникалык факультети, административдик башкаруу кызматкерлери катышты. Анда эркектер арасында 6 жана аялдар арасында 4 команда катышты.  Спорттун бул түрүнөн күчтүүлөрү аныкталып, төмөнкүлөр жеңүүчү деп аталып, 1-орунга 1500 сом, 2-орунга 1000 сом ал эми 3-орунга 500 сом акчалай сыйлык берилди  – дейт спартакиаданын башкы калысы Курманбек Ажибаев.

Эркектер арасында;

Биринчи орун – Административдик башкаруу кызматкерлери

Экинчи орун – Медицина факультети

Үчүнчү орун – Педагогика жана маалымат технологиялар факультети

Аялдар арасында;

Биринчи орун – Медицина факультети

Экинчи орун – Педагогика жана маалымат технологиялар факультети

Үчүнчү орун – Табигый-техникалык факультети

  • “ДЕН СООЛУК – 2019” ВОЛЕЙБОЛДУН ЖЫЙЫНТЫГЫ
  • “ДЕН СООЛУК – 2019” ВОЛЕЙБОЛДУН ЖЫЙЫНТЫГЫ