AVN







БИОЛОГДОР АЛГА!

БИОЛОГДОР АЛГА!
 Jan 12, 2019  715

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “ден соолук – 2019”кышкы спартакиада өткөрүлдү. Бул спартакиадага Биология кафедрасынын окутуучулары активдүү катышып байгелүү орундарга ээ болушту.

Мында шахмат спорттук оюну боюнча биология кафедрасынын улук окутуучулары  Курманбекова Д.Д. жана Болотова А.С. катышып факультеттер арасындагы аялдар командасындагы мелдеште 2- орунду ээлешти.

Тогуз коргоол спорттук улуттук оюну боюнча кафедранын окутуучусу Жээнбекова Б.Ж. жана география кафедрасынын башчысы доцент Асанова К. катышышып  факультеттер арасындагы мелдеште 2- орунга ээ болушту.

Аялдар арасындагы волейбол оюунунда биология кафедрасынын башчысы доцент Эгембердиева А. жана окутуучу  Камчыбекова К. катышып команда менен биргеликте 3- орунга ээ болушту.  Мындан башка теннис жана аркан тартмай мелдештерине окутуучулар жамааты активдүү катышып сыйлыктарга ээ болушту, жигердүү катышкандыгы үчүн биздин кафедра башчыбыз диплом менен сыйланды. Окуу жай тарабынан акчалай сыйлыктар жана дипломдор ыйгарылып, аны ЖАМУнун ректору т.и.д., профессор К.Ж. Усенов катышуучуларга тапшырды.

  • БИОЛОГДОР АЛГА!
  • БИОЛОГДОР АЛГА!
  • БИОЛОГДОР АЛГА!
  • БИОЛОГДОР АЛГА!