AVN







МУГАЛИМ – КООМДУН ЖАНА МАМЛЕКЕТТИН ТҮРКҮГҮ

МУГАЛИМ – КООМДУН ЖАНА МАМЛЕКЕТТИН ТҮРКҮГҮ
 Jan 10, 2019  869

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында 9-январь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова менен жолугушуу болду. Ага окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлери катышты. Жыйынга 100дөн ашуун адам келип, эл өкүлү менен кенен баарлашып, кызыккан суроолоруна жеринде жооп ала алышты.

Алгач эл өкүлү депутат болуп шайлангандан бери кандай жумуштарды аткаргандыгы туурасында кеңири  маалымат  берди. “Жогорку Кеңешке барганыма бир жыл он ай болду. Бул мезгил аралыгында саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарынын маселелерин көтөрүп,  айрымдарын чечүүгө үлгүрдүк. Атап айтсам, Жалал-Абад облусттук клиникалык ооруканасынын  имараттарынын эскилиги жеткенине байланыштуу  абалы өтө начар акыбалда.  Бул маселени жыйындарда, сессияларда көтөрүп жүрүп, 2019-жылы 85 миң АКШ доллары бөлүнүп, эки кабаттуу 100 орундуу жаңы клиниканын курулуу иштери  башталганы турат.  Андан сырткары №1, №5 жана №14-мектептеринин  билим берүү сапаты бийиктигине байланыштуу ата-энелер балдарын бул мектептерден билим алуусун каалайт. Бирок, имараттары эски, класстары аз болгондуктан окуучулар 3 сменден окушат. Буйруса, №1-мектепке  1500 окуучу  бата турган жаңы имарат куруу тууралуу өкмөт тарабынан тапшырмалар берилди” – деп маалымат берип өттү.

Эл өкүлү өз сөзүндө, акыл менен билим  элдин байлыгы – ал байлыкты жаратуучу сиздерсиздер урматтуу мугалимдер. Президентибиз үстүбүздөгү жылды “Аймактарды өнүктүрүү жана мамлекетти санариптештирүү жылы” деп жарялады. Өлкө башчынын, өкмөттүн жүргүзүп жаткан санариптештирүү иш аракетин сиздер сыяктуу интеллектуалдар колдоп  ишке ашырып турса, биздин мамлекеттин дагы келечеги жакшы болот деп эсептейм. Анткени, санариптештирүү менен коррупцияны кыскартып, экономиканы көтөрө алабыз.  Мамлекеттин көмүскө экономикасы учурда 40 пайызды түзөт. Санариптештирүүгө өтсөк, көмүскө экономиканын көлөмүн азайтуу менен экономикабыз чыңдалаарын айты.

Университеттин ректору, т.и.д. профессор Усенов Кеңешбек – Биздин окуу жай 2017-жылдан бери электрондук системага өтүп, абиутуриент университетке келгенден баштап бардык система компьютерлештирилип,  автоматтык башкарууга өттү жана студенттер зачот, экзамендерин компьютер аркылуу тапшырууда. Бардык корпустарыбызда, аудитоияларда видео байкоолор коюлду,  материалдык-техникалык базаларыбыз чыңдалууда. Билимдин, илимдин жана маданияттын борбору болгон Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жалпы жамаатынын эмгеги менен окуу жай  өнүгүүнүн жолуна түшүп, өлкөдөгү окуу жайлардын  алдынкы катарында келе жатканын  сыймыктануу менен айта  алабыз. 

Жыйындын жүрүшүндө ондон ашуун суроолор берилип, анда базарларда сатылып жаткан азык-түлүктөрдүн, дарылардын сапаты мамлеккет тарабынан көзөмөлдөнүп турса деген сунуштар айтылды. Дени сак улут, дени сак мамлекет, андыктан жарандардын ден соолугуна мамлекет тарабынан тийиштүү кам көрүлсө деген ойлорун  айтышты. Мугалимдерге  социалдык жардамдар берилбей жатканын баса белгилешти ошондой эле мугалимдер үчүн үйлөр курулуп, жаш кадрлар  турак-жай менен камсыз болсо деген ойлорун айтып өтүштү.   

Ал эми депутат ар бир суроого жооп берип, өкмөттүн деңгээлинде каралуучу маселелерди сессия учурунда көтөрүп, калктын мүдөөсүн аткарууга далалат жасайм, сиздер менен тыгыз байланышта болом деген убадаларын билдирди.

  • МУГАЛИМ – КООМДУН ЖАНА МАМЛЕКЕТТИН ТҮРКҮГҮ
  • МУГАЛИМ – КООМДУН ЖАНА МАМЛЕКЕТТИН ТҮРКҮГҮ
  • МУГАЛИМ – КООМДУН ЖАНА МАМЛЕКЕТТИН ТҮРКҮГҮ
  • МУГАЛИМ – КООМДУН ЖАНА МАМЛЕКЕТТИН ТҮРКҮГҮ
  • МУГАЛИМ – КООМДУН ЖАНА МАМЛЕКЕТТИН ТҮРКҮГҮ
  • МУГАЛИМ – КООМДУН ЖАНА МАМЛЕКЕТТИН ТҮРКҮГҮ
  • МУГАЛИМ – КООМДУН ЖАНА МАМЛЕКЕТТИН ТҮРКҮГҮ