AVN







“ДЕН СООЛУК – 2019” ШАХМАТТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

“ДЕН СООЛУК – 2019” ШАХМАТТЫН  ЖЫЙЫНТЫГЫ
 Jan 10, 2019  688

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлери ортосунда шахмат оюну ойнолуп, анын жеңүүчүлөрү аныкталды. Оюн  “ден соолук – 2019" кышкы спартакиадасынын алкагында өткөрүлүп, ага жалпы 6 команда ортосунда таймаш жүрүүдө.

Шахмат оюнуна Педагогика жана маалымат технологиялар факультети, Медицина факультети, Экономикалык-юридикалык факультети, Табигый-техникалык факультети жана кенже тейлөөчү персоналдан төрттөн катышуучу ойноп, жалпы 12 эркек, 12 аял болду. Спорттун бул түрүнөн күчтүүлөрү аныкталып, төмөнкүлөр жеңүүчү деп аталып, 1-орунга 1500 сом, 2-орунга 1000 сом ал эми 3-орунга 500 сом акчалай сыйлык берилди – дейт спартакиаданын башкы калысы Курманбек Ажибаев.

Эркектер арасында;

Биринчи орун – кенже тейлөөчү кызматы

Экинчи орун – администрациялык башкаруу кызматы

Үчүнчү орун – Медициналык факультети

Аялдар арасында;

Биринчи орун – Медициналык факультети

Экинчи орун – Табигый-техникалык факультети

Үчүнчү орун – Экономикалык-юридикалык факультети (ЭЮФ).

  • “ДЕН СООЛУК – 2019” ШАХМАТТЫН  ЖЫЙЫНТЫГЫ
  • “ДЕН СООЛУК – 2019” ШАХМАТТЫН  ЖЫЙЫНТЫГЫ
  • “ДЕН СООЛУК – 2019” ШАХМАТТЫН  ЖЫЙЫНТЫГЫ
  • “ДЕН СООЛУК – 2019” ШАХМАТТЫН  ЖЫЙЫНТЫГЫ
  • “ДЕН СООЛУК – 2019” ШАХМАТТЫН  ЖЫЙЫНТЫГЫ