AVN







“ДЕН СООЛУК” – 2019 ТОГУЗ КОРГООЛДУН ЖЫЙЫНТЫГЫ

“ДЕН СООЛУК” – 2019  ТОГУЗ КОРГООЛДУН ЖЫЙЫНТЫГЫ
 Jan 9, 2019  714

      Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлери ортосунда  тогуз коргоол оюну ойнолуп, анын жеңүүчүлөрү аныкталды. Оюн "Ден соолук – 2019" кышкы спартакиадасынын алкагында өткөрүлүп, ага жалпы 6 команда ортосунда таймаш жүрүүдө.

Тогуз коргоол оюнуна Педагогика жана маалымат технологиялар факультети,  Медицина факультети, Экономикалык-юридикалык факультети, Табигый-техникалык факультети жана кенже тейлөөчү персоналдан төрттөн  катышуучу ойноп, жалпы 12 эркек, 12 аял болду.  Спорттун бул түрүнөн күчтүүлөрү аныкталып, төмөнкүлөр жеңүүчү деп аталып, 1-орунга 1500 сом, 2-орунга 1000 сом ал эми 3-орунга 500 сом акчалай сыйлык берилди – дейт спартакиаданын башкы калысы Курманбек Ажибаев.

Эркектер арасында;

Биринчи орун – Медицина факультети (МФ)

Экинчи орун – Педагогика жана маалымат технологиялар факультети (ПМТФ)

Үчүнчү орун – Экономикалык-юридикалык факультети (ЭЮФ)

Аялдар арасында;

Биринчи орун –  Педагогика жана маалымат технологиялар факультети (ПМТФ)

Экинчи орун – Табигый-техникалык факультети

Үчүнчү орун – Экономикалык-юридикалык факультети (ЭЮФ).

  • “ДЕН СООЛУК” – 2019  ТОГУЗ КОРГООЛДУН ЖЫЙЫНТЫГЫ
  • “ДЕН СООЛУК” – 2019  ТОГУЗ КОРГООЛДУН ЖЫЙЫНТЫГЫ