AVN







ЖАМУНУН “ДЕН СООЛУК – 2019” СПАРТАКИАДАСЫ

ЖАМУНУН  “ДЕН СООЛУК – 2019” СПАРТАКИАДАСЫ
 Jan 9, 2019  749

Үстүбүздөгү жылдын 9-январында ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлери  арасындагы “Ден соолук - 2019" кышкы спартакиаданын салтанаттуу ачылуу аземи Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин сроттук залында болду. Спартакиадага университеттин факультеттеринин жана структуралык бөлүмдөрүнөн 6 команда катталды. Спартакиаданын ачылуу аземинде, ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор  Кеңешбек Жумабекович Усенов “Спорт – бул тынчтыктын тиреги, ден соолуктун булагы. Спорт ден соолукту чыңдоо менен бирге жамааттагы ынтымакты, кызматташтыкты да чыңдоодо чоң орду бар. Кайсы гана ишкана, окуу жай, район-шаар, мамлекет  болбосун, анын атын чыгарган спорт жана маданий-массалык иш-чаралар болуп саналат. Биздин окуу жай жаштарга билим берүү менен катарлаш аларды илимге тартып келет. Ошондой эле туура тарбия жана келечекке түз багыт берип, спорт менен дос болуусуна үндөп келесиздер. Ага далил сиздер тарбиялаган студенттер мамлекеттин желегин желбиретип дүйнө чемпиондугунда жеңишке ээ болушууда, билим деңгээлдерин текшерип, олимпиадаларга катышууда. Сиздер жаштарга үлгү болуп бүгүкү кышкы спартакиадага жалпы жамаат биримдикте катышып, өз факультеттериңиздерди даңазалоого далалат  жасап жатасыздар. Спартакиаданын катышуучуларына спорттук жеңиш каалайм жана уюштуруучулардын иштеринде ийгилик болсун!” -  деп өз сөзүндө баса белгилеп кетти.

Спартакиаданын башкы калысы Курманбек Ажибаев – катышуучулар ортосунда алты спорттук оюндун түрү боюнча таймаш өткөрүлөт, алар шахмат, тогуз коргоол, кичи футбол, стол үстүндөгү теннис, аркан тартмай жана волейбол жана оюн  11-январга чейин уланат, жыйынтыктоо бөлүгүндө жеңүүчүлөр сыйланат.  “Ден соолук” - 2019" кышкы спартакиадасына төрт факультеттин профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлери катышууда. Ал эми таймашка Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин, Медицина факультетинин, Табигый-техникалык факультетинин жана Экономикалык-юридикалык факультетинин, административдик башкаруу кызматкрлеринин, кенже тейлөө кызматкерлеринин командалары катышып жатканын айтты.

Белгилей кетсек, уюштуруучулардын айтымында, профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер ортосунда ар жылы уюштурулуп келип жаткан спартакиада университеттеги  жакшы салтка айланган көрүнүштөрдүнүн бири болуп эсептелинет.  Анткени анын ниети, максаты жалпы жамааттын биримдигин, ынтымагын бекемдеп, ден соолукту чыңдоо. 

Кышкы спартакиаданын ишине ийгилик жана күчтүүлөр жеңишин каалайбыз!

  • ЖАМУНУН  “ДЕН СООЛУК – 2019” СПАРТАКИАДАСЫ
  • ЖАМУНУН  “ДЕН СООЛУК – 2019” СПАРТАКИАДАСЫ
  • ЖАМУНУН  “ДЕН СООЛУК – 2019” СПАРТАКИАДАСЫ
  • ЖАМУНУН  “ДЕН СООЛУК – 2019” СПАРТАКИАДАСЫ
  • ЖАМУНУН  “ДЕН СООЛУК – 2019” СПАРТАКИАДАСЫ
  • ЖАМУНУН  “ДЕН СООЛУК – 2019” СПАРТАКИАДАСЫ