AVN







АТА-ЭНЕЛЕР ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ

АТА-ЭНЕЛЕР ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН  ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ
 Dec 31, 2018  828

Табигый-техникалык факультетинин “Химия” кафедрасында ата-энелер жана

бүтүрүүчүлөр менен жолугушуусу болуп өттү. Химия кафедрасынын башчысы Н.Б.Арстанбекова ата-энелер, бүтүрүүчүлөр менен жогорку окуу жайынын  байланышы, жетишилген ийгиликтер, алдыдагы максаттар тууралуу баяндама жасады.

Ар бир группанын кураторлору ата-энелерге  окуп жаткан студенттердин өздөштүрүүсү, жетишүүсү жөнүндө  билдирүү жасашты. Ата-энелер тарабынан окутулуп жаткан предметтер, окуу китептеринин абалы жөнүндөгү  суроолор берилип,  аларга жоопторду алышты.

Ата-энелердин атынан чыгып сүйлөгөн А.Акжолов: ”Химия илими жалпы жашоонун маданиятын өнүктүрө турган  өзгөчө илим. Республика, анын ичинен Жалал-Абад областы химиктерге өтө муктаж. Химия китептерин электрондук форматта  чыгарууну, айрыкча кыргыз тилинде жазылган китептерди чыгарууну колго алуу керек” -  экендигин айтууменен студенттерди убактыларынын көбүн китепканаларда өткөрүүнү  каалоо иретинде айтып кетти.

Ноокен районунун Арал айылынын тургуну Самсалиева Сонун сөз алып, кызынын “Химия” адистигинде окуп жаткандыгына, кесипти туура тандаганына, окутуп жаткан агай-эжекелерине ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ата-энелердин атынан    Көчөрөва Чынара, Парпибаева Каныкей, Маккамбаев Кенжебайлар  чыгып сүйлөшүп университет менен тыгыз байланышта болуп, уул-кыздарынын  өздөштүрүү, жетишүүлөрүнө  эки тараптан көзөмөл жүргүзүшүп   тура тургандыгын белгилеп өтүштү.

            Ал эми  бүтүрүүчүлөрдүн атынан сөз сүйлөгөн Жалал-Абад колледжинин окутуучулары “Химия” кафедрасынын 1-бүтүрүүчүсү Абдыкадырова Рахат, 3-бүтүрүүчүсү Жалилова Анара, №13- орто мектебинин химия мугалими Ширинбекова Бактыгүл, Сузак районундагы Манас  мектебинин мугалими Сулайманова Айзирек жана башка бүтүрүүчүлөр өздөрү бүтүргөн ЖАМУнун Табигый-техникалык факультетинин “Химия” кафедрасынын жалпы жамаатына ыраазычылык билдирүү менен тыгыз байланышта иш жүргүзүшөрүн  билдиришти.

            Жолугушуу өз максатына жетип, ата-энелерден жана бүтүрүүчүлөрдөн анкета жана өздөрү жөнүндө маалымат алынды.

  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН  ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН  ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН  ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН  ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН  ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН  ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ