AVN







ЖАМУДАГЫ БАЛАТЫ МАЙРАМЫ

ЖАМУДАГЫ БАЛАТЫ МАЙРАМЫ
 Dec 31, 2018  984

Жалал-Абад мамлекеттик университети наристелердин балаты майрамын белгиледи. Ага университеттин кызматкерлеринин балдары катышып, аларга ЖАМУнун Жаштар комитети тарабынан жомоктордун каармандары көргөзүлдү.

Жаңырган жыл тынчтыктын, токчулуктун, ийгиликтин жылы болуп, ар бир үйдө наристелердин күлкүсү жаңырып турсун. Биздин окуу жайда дагы жетишкендиктер көп болсун, жалпы жамааттын ынтымагы бекемделип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып университеттин  өнүгүүсүнө ар бирибиз өз салымыбызды кошолу деген оюн окуу жайдын социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгул Доранова балдарды куттуктап жатып билдирди.

“Балдар биздин келечегибиз, эртеңибиз андыктан алардын ден соолугуна, тарбиясына жана билимине кам көрүп, эртеңибизди кура алабыз. Мотурайып балатыны айланып ойногон бүгүнкү наристелер, эртеңки биздин студенттер ошондой эле өлкөнүн мыкты кадрлары деп ойлом. Баарыңыздарды Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм! – деди ал.

Балаты майрамына келген балдарга окуу жай тарабынан белектер берилип, майрамдык концерт уюштурулду. Ошондой эле Аяз атага балдар жаттап келген ырларын окуп, бий бийлеп таланттарын көргөзүштү.

  • ЖАМУДАГЫ БАЛАТЫ МАЙРАМЫ
  • ЖАМУДАГЫ БАЛАТЫ МАЙРАМЫ
  • ЖАМУДАГЫ БАЛАТЫ МАЙРАМЫ
  • ЖАМУДАГЫ БАЛАТЫ МАЙРАМЫ
  • ЖАМУДАГЫ БАЛАТЫ МАЙРАМЫ
  • ЖАМУДАГЫ БАЛАТЫ МАЙРАМЫ
  • ЖАМУДАГЫ БАЛАТЫ МАЙРАМЫ
  • ЖАМУДАГЫ БАЛАТЫ МАЙРАМЫ
  • ЖАМУДАГЫ БАЛАТЫ МАЙРАМЫ
  • ЖАМУДАГЫ БАЛАТЫ МАЙРАМЫ
  • ЖАМУДАГЫ БАЛАТЫ МАЙРАМЫ
  • ЖАМУДАГЫ БАЛАТЫ МАЙРАМЫ
  • ЖАМУДАГЫ БАЛАТЫ МАЙРАМЫ
  • ЖАМУДАГЫ БАЛАТЫ МАЙРАМЫ
  • ЖАМУДАГЫ БАЛАТЫ МАЙРАМЫ
  • ЖАМУДАГЫ БАЛАТЫ МАЙРАМЫ
  • ЖАМУДАГЫ БАЛАТЫ МАЙРАМЫ
  • ЖАМУДАГЫ БАЛАТЫ МАЙРАМЫ